Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек. Папан Эргешович Дүйшөнбаев

Читать онлайн.
Название Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Автор произведения Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Жанр
Серия
Издательство
Год выпуска 0
isbn 9785006581746



Скачать книгу

менен тең айланып, үзүлүп түшө кызмат кылгандыгынан улам тез эле көзгө көрүнүп, адегенде айылга ыстарчын болуп дайындалат. Анан бир нече ирет болуш болуп шайланат. Аймактагы атактуу байлардын бирине айланат. Падышага ак кызмат кылганы үчүн эполеттүү чепкен, Романовдордун династиясынын 300 жылдыгы белгиленгенде юбилейлик медаль менен сыйланып, карыганда болуштугун тун уулу Жуманалыга өткөрүп, ажыга барып келет (5:231). Баласы Арстаналы падышалык бийликтин өкүлдөрү менен кагыша кеткенде «ал менин да тилимди албайт. Мен анын балалыгынан кечтим» деген мааниде билдирүү жарыялатып, ал эми 1916-жылы оорукта иштөөгө жөнөтүлө тургандардын катарына Арстаналыны биринчилерден кылып жаздырганын анын бийлик алдындагы мына ушундай «элпектиги» менен түшүндүрүлөт.

      Ошол убакта болуштун үйүнө уезддик, облустук борборлордон ар кандай улуттардагы- жер ченегичтер, эсеп жүргүзгүчтөр, салык чогулткучтар, геологиялык чалгындоочулар көп келишчү экен. Алар Арстаналынын тирикарактыгын байкап, окутууга кеңеш беришет. Чоңдордун сөзүн эки кылбаган болуш аны орус-тузем мектебине (бир булакта Наманган, экинчи булакта Нанай) жөнөтөт. Ал атасынын Сейит Капсаламов казак деген таанышынын үйүндө жүрүп мектепте жакшы окуйт, анын баласы Шаймардан менен дос болуп кетет, ал кийин совет бийлиги орногондо ТүркБАКта иштеген. А. Осмонбеков кыргызча, орусча, арабча катасыз жазганды үйрөнөт. Бирок, жүрүм-туруму оруска окшоп баратканын көргөн молдолор, байлар «дагы окута берсең Арстаналың биротоло орус болуп кетет» деп айта беришкенден улам болуш баласын мектептен чыгарып алат. А. Осмонбековго ошондон баштап «Арстаналы орус» деген кличка биротоло жабышат. Арстаналы мектепте окуп жүргөндө дарыгерликти да үйрөнөт. Анын үйүнөн ысытма, баш ооруу, сасык тумоо сыяктуу дарттарга каршы дары-дармектер үзүлбөгөн. Наманганга барган сайын гезит-журналдар, китептер менен кошо жаңы дары-дармектерди сатып алып, үй-бүлөлүк «аптечкасын» толуктап, кайрылгандарга берип, кеп-кеңешин айтып да турган. Ал патефонду да биринчи болуп алып келип, «Арстаналынын кишиче сүйлөгөн сандыгы бар» дедиртип элди таң калтырат.

      Ал 1907-жылы Субан болуштун Уулкан деген кызына үйлөнүп, атасынан бөлүнүп чыгат. Ал саясатка, дүйнөдө болуп жаткандарга кызыккан. 1914-жылы пристав капитан Марковдун былык-чылык иштери, паракорлугу жөнүндө бийликке арыз жазат. Аны текшергендер күнөө приставда эмес, арыз жазгандын өзүндө, ал элди падышалык бийликке каршы козутуп жатат деген жыйынтык чыгарышып, аны жазалашканда Осмонбек болуш коркуп кетип, облустук гезитке жогоруда айтылгандай билдирүү жарыялатат.

      1916-жылы Арстаналынын оорукта иштөөчүлөрдүн тизмесине биринчилерден киргизилүүсүнө пристав Марков демилгечи болсо, атасы аны дароо колдогон. А. Осмонбеков Белоруссиядагы ооруктук иштерге барат, орус тилин жакшы билгендиктен тез эле революциялык маанайда жүргөн башка улуттардын өкүлдөрү менен тил табышып, алардан кыргыздардын арасында саясий иштерди жүргүзүү жөнүндө тапшырма