Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Жүз жылдын ичинде басылманын аты үч ирет өзгөрдү. 1927-жылга чейин «Эркин тоо» деп аталса, андан «Кызыл Кыргызстан» деген атка көчүп, 1956-жылга чейин ошол аталышта чыгып келди. 1956-жылдан 1991-жылга чейин «Советтик Кыргызстан» деп аталып, жумасына 6 жолудан чыгарылып, бир жолку нускасы 200 миңге жеткен учурлар болду. 1991-жылдан бери «Кыргыз туусу» деп аталып келе жатат.
Демократиялык, плюралисттик мезгилде маалыматтык-коммуникациялык жана инновациялык технологиялардын, каражаттардын күндөлүк турмушубузга бекем орношу менен басылмалар өздөрүнүн монополисттик ордуларын, таасирлерин жоготушту. Мындан ары кандай болорун боолгоо да кыйын. Биз, албетте, кийинки жүз жылдыкта да «Кыргыз туусунун» туусу желбиреп турушун каалайбыз. Эгемен кыргыз эли барда мамлекеттигибиздин кайра жаралуусунун очогу, летописчиси, бир символу катары «Эркин тоо» тарыхыбызда түбөлүккө кала береринде шек жок.
АДАБИЯТТАР
1. Айтмамбетов Д., Культура киргизского народа во второй половине ХIХ и начале ХХ в. Ф. Изд: «Илим», 1967. 310 с.
2. Карасаев Х., Хусеин наама, Б. «Кыргызстан» басма үйү, 2001., 486 б.
3. Арабаев Э., Эркин тоо, «Эркин тоо» гезити, 1924-жыл, 7-ноябрь, №1.
4. В. И. Лениндин чыгармалар жыйнагы. Орто мектептердин жана атайын окуу жайларынын окуучулары үчүн. Ф. «Мектеп», 1974., 704 б.
5. Сталин И. В., Сочинения, т. 5. 1921—1923. М. ОГИЗ, Госполитиздат, 1947. 448 с.
6. Абдукаримов М., Б. «Эркин тоо-элдики». «Мезгил», 1995. 22 б.
7. Бектенов З., Осмонкул Алиев. «Эркин тоо» гезитинин биринчи редактору, Китепте: Замандаштарым жөнүндө. Адабий эскерүүлөр. Б. ЖЧК «Салам», 2016. 244 б.
8. Тентимишев М., Кыргыз туусу. ХХI кылым гезити. 1924—2004. Б. «Учкун», 440 б.
9. Курманов З., Плоских В. М., Бегалиев С. и др. Абдыкерим Сыдыков-Национальный лидер, Б. «Кыргызстан», 1992., 184 с.
10. Ленин и Сталин, О Средней Азии и Узбекстана, Т. Партиздат ЦК КП (б) Уз. 1940. 282 с.
11. Мураталиев Б., Кыргызстандын компартиясынын күжүрмөн органы. Китепте: Турмуш күзгүсү. («Советтик Кыргызстан» газетасынын 40 жылдыгына арналган документтик материалдардын, эскерүүлөрдүн жана макалалардын жыйнагы). Ф. «Кыргызстан» басмасы, 1966. 168 б.
Трагедиялуу кызыл командирлер
Арстанаалы Осмонбеков менен Алишер Молдокеев жөнүндө
Революцияларды саясий-идеологиялык фанатиктер жаратышат, үзүрлөрүн «келемиштер» көрүшөт. Пассионардуулуктары күчтүү, кайрат-жигерлери шакардай кайнагандар жеңишке жеткенден кийин ашып-ташкан энергияларын кайда жумшаарды билбей, бири-бири менен кармашканга, а түгүл согушканга өтүшөт. Ал тарыхта «революция-өз балдарын өзү жейт» деп аталат. Аны менен алар да «келемиштердин» жаңы тобуна, толкунуна жол ачып беришип, өздөрү трагедиялык фигураларга айланышат. Өзүңүздөр карап көрүңүздөр,1920-жылдары РСДРП