Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Анын отряды 1920-жылы Намангандагы аскердик парадга катышып, М. В. Фрунзенин колунан өз аты чегилген маузер жана кылыч алган. Атактуу коммунист жана аскербашы Э. Ф. Кужелого да ошерде жолугуп, бирге сүрөткө түшкөн.
1919-жылы июлда ал Намангандан гимназияны бүткөн, түбү Кочкордук Сармат Качикеев деген окумалды таап барып, Ачык-Алма, Төр, Кумбел жайлоолорундагы балдарды чогултуп, боз үйлөрдө, чатырларда балдарды окутканга киришет. Кыштоого түшкөндө ага Ормон дегендин кызын алып берип, үйүнүн бир бөлмөсүн мектепке берет. Анан агасы Алымкулдун Ак-Коргон деген жердеги басмачылар өрттөп кеткен үйүн оңдотуп, мектепке айландырат. С. Качикеевди ага аны менен Казанда бирге окуган Садыков Мыркыяс деген адам тааныштырган. Алар Мыркыястын Ташкенттик тагасы Ашымжан дегендин каты менен Уфадагы Галия деген жаңы ачылган окуу жайга киришип, бош убактарында курулушта иштеп жүрүшөт. Сарматтын колу сулуу болгондуктан ал курулуш мекемесинде көчүрмөчүлүк милдетти да аткарат. Бирок, биринчи дүйнөлүк башталганда Наманганга келишет.
Алгачкы жылдарда С. Качикеев анын үйүндө жашайт. Ыгы келгенде айтсак, С. Качикеев кийин Ленин ордени баштаган бир нече ордендер, медалдар менен сыйланып, Кыргыз ССР Жогорку Советине депутаттыкка да шайланган республикадагы атактуу педагогдордун бири болгон. Анын ысмы Аксы районунун борборундагы мурда өзү көп жыл директор болуп иштеген орто мектепке коюлган.
А. Молдокеев айылына шаарлардан көрүп жүргөндөй, Аксы чөлкөмүндө жок чоң мектеп салдырууну максат кылат.
Мектеп совет бийлигинин урматына «С» порумунда болушу керек деген сунуш киргизет ал. Эркиндиктин урматына «Э» порумунда болсо жакшы болот эле деп С. Качикеев өз сунушун айтат. Бирок, «Сга» да, «Эге» да окшоштура алышпай, «П» формасына токтолушат. Ошондо айылдагы күнөстүү дөңдөн мектепке жай тандап, сайдан узундугу 1, 5 метрдей ташты өңөрүп келип, мектептин пайдубалын биринчи өзү түптөйт. Элден теректерди кырктырып чогултуп, Кожо-Атанын ыстарчыны Мамаевге 200 карагай, Кара-Суунун ыстарчыны Эсекеев Күчүкбайга мектептин полу үчүн 100 арча кыйдыртып, өзү Намангандан өзбек-орусу аралаш отузга жакын уста таап барып, алардын жата турган жерлерин, тамак-аштарын да уюштурат. Алгач мектептин жогорку бөлүгү бүтөт, кийинки жылы ар бирине отуздан кем эмес бала баткыдай 20дан ашык окуу бөлмөсү, административдик жана кошумча жайлары менен бийиктиги эки кабаттай заңкайган имарат бүткөрүлөт. Аны курганга А. Молдокеев мамлекеттен бир тыйын жардам алган эмес, баардыгын элдин эсебинен, өзүнүн жыйнагандары менен бүтөрткөн.
1980-жылдарда ал жердеги чогулуштарга барып, катышып турчубуз. Анын курулгандыгына жарым кылымдан ашык убакыт өтсө да кеңдиги, класстарынын жарыктыгы жагынан жаңы мектептерден калышпай турган. Гарнизонго араба жүргүдөй жол, Капчыгайдын оозуна, Кара-Жыгачтын оозуна көпүрө да салдырып, Сыныга канал каздырып, жээктери�