Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
1931-жылы А. Молдокеевди басмачылар келип кармап кетишет. Ал тууралуу Шаки Жанузаков (спикер Н. Шакиевдин чоң атасы) минтип эскерет.«Мен 1917-жылы март айында ушул жерде туулганмын. 1931-жылдын октябрь айы болушу керек. Алишердин эшигинде чоң ордо аянты бар эле. Биз, балдар ордо атып жатсак, эл «басмачылар келатат» деп ызы-чуу түшүп калды.
Күн кечтеп калган. Алишер да атын токуп, эл менен качканга камдана баштады. Аңгыча төмөнтөн Байымбет, Кожобек деген, анан артынан Абдырахман калпа деген чыга келип Алишердин жанына туруп калышты. Удаа келген чепкенчен эки өзбектин ырайлары суук эле. Алар келгенде Абдырахман калпа ушу дегендей Алишерди сөөмөйү менен көрсөттү. Өзбектер чепкендеринин ичинен мылтыктарын алып чыгып, «колуңду көтөр» деп Алишерге кезешти. Алишер колун көтөрдү эле, бири түшүп келип, анын эки колун артына байлады. Балдар чуулдасак, бизди мылтык менен опузалап кууп жиберишти. Экөөлөп Алишерди атка мингизип алып жөнөшкөндө аялы чыңырган бойдон калды. Башка адамдар жок болчу, баары качып кетишкен».
Басмачылар Алишерди тоолорго аралатып алып кетип, элге «мурдагы кызыл командир Алишер да бизге кошулду» деп жайып жиберишет. Ал жалаа элге, бийликтегилерге толук жеткиче азыркы Кара-Камыш көлүнүн башында эки жумадай кармап туруп, анан: «эми сен кызылдарга кайра бара албайсың. Кармаган жерде атып ташташат, бизге кошулгуң келбесе, башың оогон жакта жүрө бер» деп коё беришет. Ошондон кийин ал үйүнө келе албай, алты айдай ар жактарда жашырынып жүрөт.
Эми Алишердин өлгөнүн өз көзү менен көргөн Байызбек аксакалга кайрылсак, ал төмөндөгүлөрдү айткан:
«Биз Алишердин Таш-Көмүрдүн үстүндөгү Кара-Күңгөй деген жерде жашырынып жүргөнүн угуп, Арстаналы Осмонбековдун жетекчилигинде аны издеп жөнөдүк. Чын эле бир жылгада жашынып жаткан экен, бизди көрөрү менен атына секирип минип Ак-Суу тарапка качып жөнөдү. Артынан кыйкырып, аткылаганыбызга карабады. Чымчык-Жарга жеткенде атынан түшүп, кыбыланы карай чөгөлөп отуруп калды. Келмесин келтирди окшойт. Жакын келгенибизде ГПУнун начальниги Жумабаев маузер менен үч-төрт жолу атты эле, капталынан жыгылды. Дагы эки-үч аскер кылычтап жиберишти. Арттан жете келген Арстанаалы «өзү багынып берсе, муну мине аттыңар?» деп кейип-кепчип сөгүнүп калды эле, Жумабаев: «Неге сен басмачыны аяйсың? Сенин урук-туугандарың да басмачы! Айтмырза деген бир тууганың басмачы!«деп кыйкырды эле, маузерлерин бири-бирине кезешкен эки командирди араң ажыраттык».
Байызбек аксакал А. Молдокеевдин өлгөнүн көргөн менен кай жерге көмүлгөнүн билбейт экен же билсе да айткысы келбедиби, анысын билбейм. Ошентип бир түптүү журттун сыймыгы болгон адамдын кай жерге көмүлгөнү алиге чейин белгисиз. Анын кантип өлгөнү жөнүндө башка варианттар да бар, биз мында өз кулагыбыз менен укканды, Шакы аксакалдын жазып калтырганын гана келтирдик. Айрымдардын жазгандарында Алишер айылына басмачылар келгенин билбей калган, аны Байымбет деген айылдашы Буранадан чыккан атчандар содагерлер экен, Кара-Суу