Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
1906-жылдын экинчи жармынан «Туркистон вилоятининг газеты» жумасына эки жолудан чыкканга өткөн. Андан кийин «Таракки», Хуршид“, „Восточное обозрение“, „Окраина“, „Русский Туркестан“, „Самарканд“, „Среднеазиятская жизнь“, „Туркестанский курьер“, ал эми аймакта большевиктердин иедологиясы кеңири таркай баштаганда „Солдатский листок правда“, „Молот“, „За народ“ сыяктуу, облустук деңгээлдерде „Асхабат“, „Закаспийская туземная газета“, „Ферганские областные ведомости“, тармактык „Туркестанское сельское хозяйство“, „Туркестанский земледелец“ деген гезиттер, „«Дехкан», «Ислах» деген журналдар чыгарылган. Большевиктер, эсерлер, кадеттер да өздөрүнүн басылмаларын чыгарып турушкан. Же Октябрь революциясына чейин Орто Азиянын Казакстандын аймагынан башка жерлерде 20дан ашык гезит-журналдар басылып турган (1:252—256).
Казакстандын аймагында «1862-1917-жылдар аралыгында казак тилинде араб тамгасы менен 80ге жакын китеп басылып чыккан» (2:102). Анын ичинде Абай Кунанбай уулунун 1886-жылы басылган ырлар жыйнагы да болгон. Ал мезгилде татар, башкыр тилдеринде чыгарылып, казак тилиндеги китептердей эле Орто Азиядагы элдерге да таркатылган гезиттердин саны ондон ашкан. Казак тилиндеги «Дала вилояты» деген алгачкы гезит 1888-жылдан чыгарыла баштаган. Кийинчерээк «Серке», «Казак гезити», «Казакстан», «Эшим даласы», «Казак» гезити», «Айкөп» журналы кошулган (2:103). Алардын айрымдары Кыргызстандын ири элдүү пункттарынын баардыгына, а түгүл Ат-Башыга чейин таркатылган. Фергана өрөөнүндөгү шаарлардын баардыгында, анын ичинде Ошто да китеп дүкөндөрү, күркөлөрү, а түгүл китептерди сатуу менен алектенген соодагерлер да болгон. Кыргызстандагы алгачкы китеп дүкөндөрүн Пишпектин старостасы И. Терентьев менен К. Мальцев ачкан. Экөөсүнүн жылдык китеп жүгүртүүсүнүн көлөмү 8 миң рублге жеткен (1:271). Фергана өрөөнүндөгү китеп саткан