Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек. Папан Эргешович Дүйшөнбаев

Читать онлайн.
Название Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Автор произведения Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Жанр
Серия
Издательство
Год выпуска 0
isbn 9785006581746



Скачать книгу

дароо орундалды. Бири чарчаганда, бири сабап жатып, анан бир кезде өлүктү эки жигит айылдан обочо сүйрөп барып ташташты. Кагелес бойлуу, кара тору, кара каш, кер мурут, бир көргөн кызды менин жарым болсо дедирген Өмүралы боз улан бойдон таяктын уусуна чыдабай көз жумду, кырчынында кыйылды да калды» (5:224).

      1919-жылы жазында А. Осмонбеков Скобелев (Фергана) шаарына келип, экинчи ирет өзүнчө отряд түзүүгө уруксат сурайт, бирок анын өтүнүчүн колдобой Фергана аскер гарнизонунун командири М. Ф. Сафоновдун отрядына тилмеч-жол көрсөткүч кылып дайындашат. Облустук бийликтин чоочулаганын түшүнсө болот, анткени ал убакта аймакта эсерлер үстөмдүк кылып, кимдин ким экенин билбеген, баш аламандык өкүм сүргөн убак болгон. Ал М. В. Сафоновдун отряды менен Ош, Анжиан, Фергана шаарларын коргоого, Мадамин бекке, Калкожо, Эргеш сыяктуу корбашылардын басмачыларына, совет бийлигин тааныгылары келбеген, ак аскерлердин генерал, офицерлеринен куралган Монстровдун отрядына каршы согуштарга катышып, тез эле эр жүрөк мыкты аткыч катары таанылат.

      1920-жылы март айында өз алдынча коргонуу отрядын түзүүгө уруксат берүү тууралуу ТүркБАКка арыз жазат. Апрель айында А. Осмонбеков Ташкентке барып, жергиликтүү кыргыздардан ыктыярдуу отрядды түзүүгө уруксат алып келет, бирок ал 1920-жылы 25-майда М. В. Фрунзе тарабынан Кызыл Армиянын улуттук бөлүктөрүн түзүү чечим кабыл алынгандан кийин толук ишке ашкан. Ал Наманган уездиндеги айыл-кыштактарды түрө кыдыра, мылтык кармаганга жарактууларды ыктыярдуу отрядга кошулууга үндөгөнгө өтөт. Жакындарын бай-кедейине карабай отрядына айдап киргизет. Анын чакырыгын элдин басымдуу көпчүлүгү колдойт. Алсак, Кетмен-Төбө өрөөнүнөн эле 1, 5 миңге жакын адам отрядга кирүүгө макулдугун беришкен. Бирок, өзүнүн маузеринен башка эч нерсеси жок болсо, анча адамга ат-көлүктөрдү, курал-жарактарды кайдан тапмак? Алардын көпчүлүгүнөн жергиликтүү милицияларды түзүп, айылдарында калтырган.

      Андан көп өтпөй ал жыйырма жигит менен Наманганга келип курал-жарактарды алып кетет. Ошол күн ал үчүн майрам болот. Намангандан жогорудагы Жал-Абакан тоосуна өргүшүп, туш-тараптарга кабарчыларды чаптырышат. Асанбек Кабаев, Сулайман Айтиев, Алмамат Субанов, Мамытбек Шадыканов баштаган 70тей адам келишип, алар ошол замат Наманганга курал алганы жөнөшөт.

      Ю. Осмонбеков, Ж. Асанкулов, С. Наматбаев, Ж. Таштемиров сыяктуу ж. б. китептеринде андан мурда коргонуу отрядын түзгөн, басмачыларды жок кылууга андан кем эмес салым кошкон Алишер Молдокеев жөнүндө бир да сөз айтылбаган, ал түшүнүктүү, анткени ал кезде ал «басмачыларга кошулган» деген жалаада жүргөн, бирок көз карандысыздыктан кийин чыккан айрым эмгектерде да А. Молдокеев жөнүндө эч нерсе айтылбай, мурдагы клишелердин эле кайталанып жатканы обьективдүү чындыкка да, илимийлүүккө да ылайык келбейт. Илимдин бир эле максаты бар, ал – чындыкты аныктоо. Чындыкты издебеген илимдин эч кимге кереги жок.

      А. Осмонбековдун отрядына комиссарлыкка Л. Д. Борисов, штабынын жетекчилигине