Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Биз мында бири-Кыргызстанга белгилүү, ысмы совет бийлигин орнотуу процесси менен биротоло ассоциялашып калса, экинчиси, аймактагыларга мурдатан таанымал, совет бийлигин аны менен бирге ошондой деңгээлде коргоп жүрүп, кийин түшүнүксүз себептер менен аны менен тил табыша албай, эки жээкте калган эки кызыл командир жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Анын биринчиси, Арстаналы Осмонбеков, экинчиси- Алишер Молдокеев болуп саналат.
Арстанаалы Осмонбеков
Бул ысым бизге мектеп партасынан тааныш, жергебизде совет бийлигин коргоого келгенде анын аты айтылбай койбойт. Ал жөнүндө фундаменталдуу тарыхый эмгектерде, монографияларда жана диссертацияларда дайыма айтылып келет. «Наиболее значительную роль в разгроме басмачества сыграли интернациональный кавалерийский полк под командаванием Э. Ф. Кужело и ряд киргизских добровольческих боевых отрядов, которыми командавали А. Осмонбеков, К. Камчыбеков, С. Кучуков и другие» (3:197) деп айтылат советтик Кыргызстандын башкы тарыхый эмгегинде. Чындыгында Наманган уездинде гана эмес, белгилүү деңгээлде Фергана өрөөнүндө совет бийлигин орнотуп, басмачылык кыймылды талкалоодо тарыхка кыргыз кызыл атчандар дивизиону деген ат менен кирип калган жоокерлердин ролу чоң болгон. Алардын бир бөлүгү ири басмачылык бөлүктөрдү жетектешкен Калкожо, Рахманкул, Көр Шермат, Эргеш сыяктуу корбашыларды талкалоого да катышкан.
Бийлик органдарынан кепилденген жабдуу болбогондуктан А. Осмонбековдун дивизиону орус казактардын станицалык тибинде түзүлгөн. Алсак, орус-казактарда ар станицанын атаманы, ага караштуу аскердик отряды болгонун, жай учурларда алар чарбалык иштер менен алек болушса, коркунуч жаралганда же чакырык келгенде куралдарын ала коюп, ат жабдыктары менен согушка же жүрүшкө даяр тизиле калышкандай, А. Осмонбековдун жоокерлери да негизинен жер-жерлерде өзүн өзү коргоо отряддарынын милдетин аткарышып, команда болгондо тийиштүү жерге чогула калып турушкан. Антпесе 500—600 жоокерди ат-көлүктөрү менен бир жерде туруктуу кармоого жөн эле мүмкүнчүлүк жетишпеген. Алсак, А. Молдокеевдин отряды- Сыны-Кара-Жыгачта, А. Кабаевдики- Авлетимде, С. Айтиевдики- Кербенде, Д. Эсенгелдиевдики- такай Кетмен-Төбөдө, ал эми А. Осмонбековдун өзүнүн негизги отряды- Ак-Сууда турган. Коргонуудан сырткары элден алык-салыктарды чогултуу милдетин да аткарышкан. Алардан сырткары жер-жерлерде милициялардын бөлүмдөрү, партиялык, советтик жана комсомолдук активдер да болгон, согуш учурунда алар да дивизиондун командирине баш ийишкен. Алсак, 1921-жылы А. Осмонбеков Кетмен-Төбөдө милициянын -100 адамдан турган, Багыштарда-60, Майлы-Сайда -50 адамдан турган отряддарын түзгөн (4:38). Андай отряддар Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүр, Нанай, Чартак, Бышкараң, Жаңы-Коргон, Иринжит, Малкалды, Тегене, Заркенд сыяктуу элдүү пункттарда да болгон. Майда басмачылык топтордун, каракчылардын жер-жерлердеги отряддар эле миздерин кайтарып, талкалап турушкан. Маселен, С. Айтиевдин 82 адамдан