Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Кыздын ойну болгондо боз балдар эң мурун Эркин тоодон баштап ырдачу эле:
Эркин тоо, эркин тоо, эркин тоо,
Эркин тоого мен чыксам,
Эл карааны көрүнбөйт
Көлдө жаткан көп өрдөк
Ылаачын тийсе бөлүнбөйт.
Касабада кар жатат;
Ботосу менен нар жатат.
Жеңеси менен кыз жатат.
Жеңесин өпсө жез татыйт,
Кызын өпсө алма, шекер, бал татыйт.
…Мындан чыкты кыргыздын көңүлүнчө эң кызык туюлуп, көзүнө эң сонун көрүнгөн нерсе, эң мурун «эркиндик», экинчиси «тоо»… (3).
Түрктөр үчүн – деңиз, армяндар үчүн – Арарат тоосу, болгарлар үчүн -роза гүлү Ата Мекендин символу болсо, кыргыздар үчүн эзелтен -тоолор символ болуп келген. Э. Арабаевдин аныктамасы боюнча, «Эркин тоо» эркин ата мекен дегенди түшүндүргөн. Башкалар да аны ошондой кабылдашкан.
Макаладан ошол мезгилдеги башка авторлорго салыштырганда (айрым түшүнүксүз сөздөрдү эске албаганда) Э. Арабаевдин стили кыйла калыптанып такшалган, тарыхый эстутуму, көркөм табити да жогору болгону көрүнүп турат. Ал эми түшүнүксүз сөздөргө келсек, гезит 6-санына чейин Ташкентте чыккан, андагы басмаканада жалаң орус, татар улутундагы тамга тергичтер (линотипист), корректорлор иштешкен. Ташкент түгүл Фрунзеде деле башка улуттагылар терип, текшеришкенден улам «Манаста» да аябагандай көп грамматикалык каталар кетирилгенин Х. Карасаев убагында көп айткан, көп жазган. Ага ынануу үчүн анын «Манас» дастанынын кол жазмасын, айрыкча Сагымбай Орозбак уулунун арабча жазылган кол жазмасын текшерүүчү илимпоздор үчүн материал» (2:423) деген макаласына көз жүгүрткөн жетишет.
Гезиттин биринчи санына жогоруда айтылгандардан сырткары ошол убактагы эң массалык «Кошчу» уюмунун жетекчиси Р. Худайкуловдун «Кыргыз Кошчу уйуму», Ж. Абдрахмановдун «Лениндин жолунда», тарыхый саресептик мүнөздөгү «Эриктүү автономия. Кыргыз облусу. Кыскача мурунку турмушу» деген макалалар менен А. Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» деген ыры, салыктар, автономдуу облустун демографиялык абалы, экономикасы жөнүндө маалымдама ж. б. материалдар жарыяланган.
№2-санына облустук партиялык, райондук уюмдардын иштери, басмачыларга