Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек. Папан Эргешович Дүйшөнбаев

Читать онлайн.
Название Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Автор произведения Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Жанр
Серия
Издательство
Год выпуска 0
isbn 9785006581746



Скачать книгу

турган.

      ККАОнун облпартБюросу 1924-жылы 13-декабрда «Эркин тоону» жумасына эки жолудан чыгарып, ага жазылууну уюштуруу, кабарчылар тармагын түзүү боюнча атайын токтом кабыл алган. Ревком 1925-жылы 17-январда мамлекеттик жана коомдук уюмдарга бул иштерге катышуу боюнча циркулярдык кат жиберген. Алар жетиштүү аткарылбагандыгына байланыштуу облБюро 1925-жылы 4-февралда дагы бир токтом чыгарган. Ошол убакта «Эркин тоо» жумасына үч жолудан 2000 нускада чыгарылып, жармысы акысыз таркатылып турган.

      Гезиттин биринчи санын чыгарууда көчүрмөчү (айрымдардын кол жазмалары өтө сабатсыз, окуганга кыйын болгондуктан көчүрмөчү каталарынан арылтып, көчүрүп жазган), корректор болгон Х. Карасаев алгачкы сандарды даярдап, басмаканага өткөрүү аябагандай кыйынчылыктарды жаратканын айтса (анткени, бир жерде материалдар кабыл алынып, көчүрүп жазылса, экинчи жерде өзбек, татар кыздары тамгага түшүрүп, алар айрым сөздөрдү түшүнбөй, башкача кылып таштап, үчүнчү жерде кагаздары кыркылып, бүктөлүп дегендей ж. б. Бир ирет «Правда востока» гезитинин басмаканасына кагаздарды бүктөткөнү барса, эшигинде турганы аны кагаздары менен кошо көчөгө ыргытып жибергенин да айткан) (2:237), журналист жана жазуучу, котормочу Мамасалы Абдукаримов аны даярдоого өзбек тилиндеги «Кызыл Түркстан», казак тилиндеги «Ак жол» гезиттеринин редакцияларынын жамааттары жакшы жардам беришкенин, «Эркин тоонун» биринчи санынын жарык көрүүсү Ташкентте иштеген жана окуган кыргыздар үчүн чоң майрам болгонун эскерген (6:4—5). Анын биринчи саны жамааттык жоопкерчиликте жарык көрсө, экинчи санынан тартып жооптуу редактор катары О. Алиев кол коё баштаган.

      Ал убакта элдин кат-сабатын жоюу боюнча окуу куралдары жокко эсе болгондуктан гезит ликбездерде, мектептерде гана эмес, айрым окуу жайларында да окуу куралы катары пайдаланылган. ««Мен окуумду аяктагандан кийин САКУнун (Орто Азия Кызыл Университети) рабфагындагы кыргыздарга сабак бердим, -деп эскерген Х. Карасаев. Менин педагог болуу оюмда деле жок болчу. …Ташкенттин көчөсүндө келатып Э. Арабаевге жолугуп калсам, ал мага САКУга барып казак жана өзбек тилдеринде окугулары келбеген кыргыз рабфаковчуларына сабак берүүнү айтты. Ал татаал иш болчу, анткени кыргыз тилинде бир да окуу куралы жок эле. Бирок ага карабастан макул болуп, окуу куралы катары «Эркин тоону» пайдалана баштадым. Гезиттин чыгышында Сыдык Карачевдин салымы абдан чоң… Ага гезиттин алгачкы сандарына кыргыздардын тарыхы жана экономикасы боюнча макалаларды жазган А. Сыдыков да жардам берди» (9:22). Х. Карасаев окуу куралы катары «Эркин тоону» эки жылдай пайдаланган.

      Мындан көрүнүп тургандай,«Эркин тоо» Орто Азиядагы биринчи университетте да окуу куралы пайдаланылган экен. САКУ В. Лениндин 1920-жылдын 7-сентябрындагы Декрети менен ачылган (10:109). Кийин ал советтик мезгилде Жогорку Партиялык мектепке айландырылып, партиялык жана советтик органдардын, ЖМКлардын жетекчи кызматкерлери даярдалган.

      Акчалары жок мекеме – уюмдар, жеке адамдар натуралай төлөө же эгин, пахта,