Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек. Папан Эргешович Дүйшөнбаев

Читать онлайн.
Название Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Автор произведения Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Жанр
Серия
Издательство
Год выпуска 0
isbn 9785006581746



Скачать книгу

да, Ревкомго да кирбей калган. Кийинчерээк Ревкомдун бир бөлүмүнүн башчылыгына бекитилген. Москвага барып ККАОнун айрым маселелерин чечип келип турган. Анан ККАОнун Орто Азиядагы өкүлү болуп дайындалган. Ал 1925-жылы мартта облпартиялык конференцияда эч кандай жооптуу кызматка сунушталбаган менен 27-30-марттагы советтердин Бүткүлкыргызстандык уюштуруу Курултайына активдүү катышып, эки жолу чыгып сүйлөгөн. Ал эми анын шакирттери Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев ж. б. Курултайга бойкот жарыялашып, анын ишине катышпай коюшкан.

      Айрым тарыхый эмгектерде Курултайда М. Каменскийдин кысымы менен БАКтын 66 мүчөсү жана кандидаты шайланса, алардын 27си делегат болбогон, демек ал мыйзамсыз деп жазылып келет (4:29). Эгерде азыркы түшүнүк менен алса, Уюштуруу Курултайынын легитимдүүлүгү деле шек жаратпай койбойт. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, Курултайдын отурумдарына 135 делегаттан 52ден 70ке чейинкиси катышса, 68ден аз делегат катышкандарынын баары кворумсуз өткөрүлгөн болуп жатпайбы. М. Каменскийдин жана анын тарапкерлеринин чечкиндүүлүктөрүнөн улам жактоочулардын санын эптеп 70ке жеткирилип, Кыргызстандын жаңы тарыхындагы алгачкы легитимдүү башкаруу органдары түзүлгөн.

      Ал эми делегат эместердин облаткаруу комитетине шайлануусуна келе турган болсок, шайлануучу органдарда илгертен бери эле кооптация деген түшүнүк бар. Ал РСДРПда кеңири колдонулган. Эгерде делегат болуп катышпаса да макулдугун берсе, аны Курултай туура деп тапса, БКга, а түгүл андан жогорку органдарга шайласа деле боло берет. Улуу Октябрь Революциясына чейин большевиктердин В. Ленин баштаган жетекчилери деле сьезддерге катышпай, ар жактарда жашырынып жүргөн жерлеринен жетекчи органдарына кооптация болушкан. Биз муну Уюштуруу Курултайындагы кооптацияны айрымдар алиге чейин мыйзамсыз көрүнүш катары көрсөтүп келатышкандыктарынан улам айтып жатабыз.

      1925-жылы мартта партиянын, БАКтын жетекчи органдарына шайланбай калгандан кийин А. Сыдыковдун саясий жана мамлекеттик органдарындагы карьерасына чекит коюлган. Ага чейин Орто Азиянын көп жерлериндей эле, саясий анархия өкүм сүрүп келсе, андан кийин кадрларды тандап, жайгаштыруу партиянын катуу көзөмөлүнө өткөн. Ал мезгилде партиядан үч ирет чыгарылып, үч ирет кайра кабыл алынган инсандын жаңы жетекчиликти кооптонтуп, шектендиргени мыйзам ченемдүү көрүнүш. 1925-жылы 22-июнда «партиялык комитетке каршы чыккандыгы жана топтук тирешүүлөргө катышканы үчүн» деген айыптоо менен А. Сыдыков төртүнчү жолу партиянын катарынан чыгарылат. Андан кийинки жылы анын түбөлүк атаандаштары Р. Худайкулов, Д. Бабаханов баштагандар да «Ур-Токмоктун» иши боюнча кармалышып, оор күнөөлөр коюлуп, партиядан чыгарылып, ар кандай мөөнөттөрдө эрктеринен ажыратылышат. Ошентип «мавр өз ишин жасады, эми мавр кетиши керек» деген принцип колдонулат.

      Тилекке каршы, чоң бийликтегилердин баардыгынын принциптери ошондой. Аларга биринчи кезекте туруктуулук, лоялдуулук керек. Эгерде М. Каменскийдин ордунда Т. Усубалиев болсо деле ошону жасамак. Антпесе күчтүү