2—3 жылдын ичинде коммунисттик идеологияга берилген большевик кайдан чыкмак? Ал жөн эле ишке ашкыс нерсе болгон. Марксизмди-ленинизмди алар түгүл докторлук, профессордук даражалары бар окумал тарыхчылар толук түшүнүшөр бекен? Кыргызстан коммунисттердин башкаруусунда 74 жыл жашады. Бул мезгилдин ичинде биздин республикабызда чыныгы 74 коммунист калыптанып, жаралганына ишенесиздерби? Бул дагы талаштуу маселе. Жөнөкөй мүчөлөрүн айтпай эле коёлу, Жогорку Партиялык мектептерди, эң абройлуу Коомдук Академияны аяктап, Борбордук Комитеттерди, облпартуюмдарды жетектеп жүргөндөр деле убагында компартияны жактап бир ооз сөз айтышпай, партбилеттерин ыргытып, жаңы антикоммунисттик бийликке кошулуп кетишкенин унута элекпиз. Айрымдары өз кызматтарынын аркасы менен тез эле олигархтарга айланышты. Мындан бизде мурдатан эле партиялар, бирикмелер идеологиялык күрөштүн эмес, бийликке жеткизүүчү топтук күрөш катары гана эсептелип келген, ал биздин улуттук мүнөзүбүзгө жана психологиябызга биротоло сиңген деген жыйынтык чыгарса болот. Аны ошол убактагы саясатчылар эң сонун түшүнүшкөн, моюндарына алышкан. Ал жөнүндө Ж. Абдрахманов: «в программах и действиях этих партий”нет отличий», а разделиние на партии дует расмматриавть «как борьбу за власть между отдельными эксплуататорскими группами» деп жазган (6:44). Чын-чынына келгенде Маркстин, Лениндин идеологиялары эч кимди кызыктырган да эмес. Алар кезектеги ураан-чакырыктар катары гана кабылданган. Ошондой саясий жана тарыхый шартта топтук күрөш улуттук-мамлекеттикти калыбына келтирүүнүн негизги формасына айланып кеткен. Анткени, ККАОнун тагдыры айыгышкан топтук күрөштөрдө чечилген. Эгерде 1922-жылы Р. Худайкуловчулар жеңип кетишсе, өз алдынча облус түзүү маселеси, мүмкүн, биротоло жабылмак.
Абдыкерим Сыдыковдун саясий жолу аябагандай татаал инсан. Ал 1917-жылы Пишпекте казак-кыргыздардын «Алаш» партиясынын бөлүмүн түзүп, ошол эле мезгилде солчул эсерлердин (социал революционерлер) катарына кирет. «Алаштын» Пишпектеги бөлүмү жоюлуп, 1918-жылы июлда эсерлердин козголоңу күч менен басылып, анын ишмердигине тыюу салынгандан кийин ошол жылы августта большевиктер партиясына мүчө болуп өтөт. Андан көп өтпөй 1918-жылы 30-сентябрда Пишпек совдептин улуттук иштер боюнча комиссары, ревтрибуналдын мүчөсү Х. Хасанов А. Сыдыковду бир нече адамдар менен бирге «контрреволюциялык иштерди жүргүзгөн, паракор, бай-манаптардын кызыкчылыктарын коргойт» деп айыптап кылмыш ишин козготтурат. Аны Пишпек уездинин А. Иваницын, И. Меркун, Г. Безбородов сыяктуу белгилүү большевиктери жетектеген Ревтрибуналы текшерип,1918-жылы 11-октябрда эч кандай ынандырарлык далил жок, тескерисинче Х. Хасанов күбөлөргө акча берип, жалган көрсөтмөлөрдү бердирген, атайылап кутумдук уюштурган деген жыйынтыкка келип, ага карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим чыгарат. 1918-жылы декабрда Беловодскийдеги оокаттуу орустар жана дунгандар чыгарган козголоңдо Х. Хасанов кармалып, алар тарабынан өлтүрүлгөн.