Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Булар ыгы келгенде айтылып кетти, өз сөзүбүздү улантсак, Абдыкерим Сыдыковду кыргыз мамлекеттигинин кайра жаралуусунун Башкы идеологу жана күрөшүүчүсү деген тарыхый чындыкка ылайык келет. Ал 1921-жылы биринчи Кара-Кыргыз Тоолуу облусун түзүү демилгесин көтөргөн, андан кийин ККАОну түзүү үчүн күрөшүп, аны ишке ашыргандардын жетекчиси болгон, бирок тилекке каршы, бир күн да анын жетектеген эмес. Ал эми мамлекеттин атасы деп аталуу үчүн Мао Цзедундай же Ататүрктөй, аны жетектеп, калыптандыруусу керек.
Бизде адатта тарыхый инсандардын ишмердиги кеңири чагылдырылган менен алардын инсандык сапаттарына, кулк-мүнөздөрүнө таптакыр көңүл бурулбайт, маани берилбейт десе да болот. Тарыхчылар аны көркөм чыгармачылыктын прерогативисиндеги нерселер катары эсептешет. Негизинен ал туура. Илимпоздор окуяларды, фактыларды тизмектешип, анын себептерин ачып беришсе, көркөм чыгармачылык образдар аркылуу ой жүгүртөт. Бирок, тарыхый инсандын ошол убактагы иштерин толук түшүнүү үчүн анын адамдык сапаттарын да жетишерлик үйрөнүү, билүү керек. Алсак, орустун чыгаан тарыхчысы В.О.Ключевскийдин лекцияларынын бири- «Петр Великий. Его наружность. Привычки. Образ жизни и мыслей. Характер» (3:27) деп аталат. В. Ключевский анда ж. б. лекцияларында Петр – 1нин сырткы көрүнүшүн, мүнөзүн, жакшы жаман сапаттарын кудум көркөм чыгармадагыдай кылып сыпаттап ачып берген. Эгерде бизде тарыхый инсандардын бири ошондой өңүттө сүрөттөлсө, аны айрымдар, биринчи кезекте анын урпактары маскаралап, шылдыңдагандай кабылдашмак. Бизде калыптанган стереотипке ылайык, мамлекеттик ишмер бир жактуу макталышы же караланышы гана керек. Ал эми тарыхый инсандарга деле «ничто человеческое не чуждо» болгон, аралашып жүргөндөрдүн көбү алардын тарыхый инсандардан экенин толук аңдап, түшүнүшкөн деле эмес.
Чындыгында адамдын мүнөзүн жакшы билмейинче, ага тигил же бул чечимди кабыл алууга түрткү берген мотивдерди түшүнүү кыйын. В. Ключевский фактыларды, окуяларды кеңири өңүттө саясий, социалдык жана географиялык факторлордун тутумунда карап, талдаган. Бул жагынан анын ыкмасын Л. Н. Гумилёв улантты. Ал эми бизге Ж. Абдрахмановдон башка тарыхый инсандардын турпаттары, мүнөздөрү жана адаттары жөнүндө фрагменттик эскерүүлөрдү эске албаганда толук маалыматтар жетпеди. Инсандык өзгөчөлүктөрү белгисиз болгондуктан алар биз үчүн компьютердей же бир механизмдей