Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек. Папан Эргешович Дүйшөнбаев

Читать онлайн.
Название Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Автор произведения Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Жанр
Серия
Издательство
Год выпуска 0
isbn 9785006581746



Скачать книгу

италия тилдерин үйрөнүп, саясий экономикалык адабияттарды, Пушкиндин, Чеховдун, Л. Толстойдун ж. б. чыгармаларын окуу менен убактысын өткөргөн. Албетте, ал баардык эле адамдардай эле өлгүсү келген эмес, корккон, бирок өкүмдөрдөн кийинки алгачкы күндөрү апатияга батса да, тез эле кайратын жыйнап, өзүн колго алып, китеп окууга киришкен. Бош убактысы боло калса, гезиттерди же китептерди окуу ага өмүр бою адат болуп калган. Түрмөдө өпкөсүнө суук тийип, кан түкүргөн учурлары да болгон, бирок оорууну, кыйынчылыктарды күчтүү эрки менен жеңген.

      Бизге Фрунзе биринчиден, жердешибиз, экинчиден, кыргыз элине дайыма терең симпатияда мамиле жасап, керек учурларда колдоп да турганы үчүн кымбат болуп саналат.

      Анын атасы Василий Фрунзе кыргыздарга жакшы мамиле жасаган, Абдыкерим Сыдыковдун чоң атасы Өзүбек Бошкоев, Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьевдей эле, анын жакын досу болгон. Кыргыздарды өзү иштеген ооруканага жаткырып, дарылап жатканын көргөн Жети-Суу облусунун губернатору фон Таубе: «Превратили больницу в зверинец! Кто додумался помещать сюда инородцев!» (1:8) деп кызматынан куугандыктан маянасы жок калып, кыргыздарды, башка майда элдерден кайрылгандарды дарылап, алар бергендер менен тиричилик кылып жүрүп 1897-жылы жарыкчылыктан өткөн.

      Михаил Фрунзе 1919-жылы августта Түркстан фронтунун командачысы, ошол эле жылы 8-октябрда В. Лениндин демилгеси, ВЦИКтин токтому менен анын Түркстан иштери боюнча комиссиясынын мүчөсү да болуп дайындалып, аймактагы советтердин иштерине кураторлук кылган. Анын фронттун командачысы катары 1919-жылдын 23-октябрындагы буйругунун 1-пунктунда: «Всем начальникам и военкомам под их личной ответственностью иметь неослабное наблюдение за тем, чтобы никаких безообразий по отношению к киргизскому населению не учинялось» деп айтылса, 3-4-пункттарында кыргыздарга ыдык көрсөтүп, талап-тоногондорго карата атууга чейинки чаралар колдонуларын эскерткен (2:131). Ал кыргыз тилин жетиштүү, ал эми Түркстандагы башка этностордун өзгөчөлүктөрүн жакшы билген. Ал ВЦИКтин Түркстан иштери боюнча комиссиясынын отурумунда бир гана Түрк республикасын түзүү жөнүндөгу сунушка: «мында өзбектер, тажиктер, кыргыздар, түркмөндөр да бар» деп категориялуу түрдө каршы чыгып, «РКП (б) БКнын Түркстан бюросун түзө туралы, калганын кийин көрөбүз» (1:406—407) деген сунушун өткөргөн. Кийин 1921-жылы 11-апрелде ТССР түзүлгөн менен ал Борбордук бийлик тарабынан ажырымдаштыруунун алгачкы этабы катары гана каралган. Борбордук бийликте андай көз караштын калыптануусуна М. Фрунзенин позициясы да өз таасирин тийгизбей койгон эмес.

      Мында кошумчалай кетчү нерсе, ВЦИКтин Түркстан иштери боюнча комиссиясында партиялык, мамлекеттик башкаруунун баардык ыйгарымдары болгон. Же аны кийин түзүлгөн ревкомдордой эле, убактылуу өкмөттүн жана партиялык жетекчиликтин алгачкы формасы десе да болот.

      ККАО түзүлгөндө, кийин ал КАССРге айландырылганда М. Фрунзе эң жылуу куттуктоолорун жиберген.

      Борбор калаабыз 66 жыл даңазалуу полководец,