Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек. Папан Эргешович Дүйшөнбаев

Читать онлайн.
Название Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Автор произведения Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Жанр
Серия
Издательство
Год выпуска 0
isbn 9785006581746



Скачать книгу

командиринен армиялардын командачысына чейинки тепкичтерди басып өткөн генералдардын, адмиралдардын аскерлерин талкалаганы таң калтырчу. Университеттин аскердик кафедрасындагы Табеев деген полковник кызыл армиянын полководецтеринин ичинен эң чыгааны Михаил Фрунзе болгон деген сөздү көп кайталап, анын аскердик ишмердигин айтып кирчү. Ал эми Ташкентте Фрунзенин культу бар эле, округдук гезит да «Фрунзевец» деп аталчу.

      Ал жарандык согуш мезгилинде төрт фронтту жетектеп, актар Россиянын башкы Башкаруучусу деп жарыялаган Колчактын, Врангелдин армияларын, Орто Азияда басмачылык кыймылды, Бухара эмирлигинин аскерлерин талкалап, Украина менен Крымдагы аскерлерди жетектеп, ал жактарда совет бийлигин орнотуп, Түрккомиссиясынын, БАКтын, Реввоенсоветтин, РСДРП БКнын, Экономикалык советтин, советтердин Бүткүлсоюздук 1-сьезддин даярдоо боюнча Комиссиялардын мүчөсү катары аябагандай жооптуу мамлекеттик иштерди да аткарган.

      Ошол эле мезгилде аскердик, согуштук иштер боюнча туптуура он теориялык эмгектин автору да болуп саналат. Ошон үчүн убагында Союздун Коргоо министрлигинин башкы штабынын Академиясы М. Фрунзенин атына коюлган. Россияда азыр деле ал өзгөртүлгөн жок.

      Мында кимде болбосун жадегенде жогорку билими, аскердик тажрыйбасы жок адам маршалдык деңгээлдеги бийиктикке кантип жетишкен? – деген суроо пайда болбой койбойт. Тубаса таланттын ээси болуп төрөлгөндүн деле чоң сүрөткерге, жазуучуга же артистке айлануусу үчүн көп жылдар бою окушу, өзүнө чейинкилердин тажрыйбаларын дыкат үйрөнүүсү, анан жадабай машыгуусу, көнүгүүсү керек. Верныйдагы гимназияны алтын медаль менен аяктаса да Петербургка баргандан кийинки өмүрү саясый кружоктор, камоолор, куугундар, сүргүндөр менен өтсө, ал аларга кайдан үлгүргөн?

      Эскерүүлөргө, ал тууралуу жазылгандарга караганда, анда адамдарда, өзгөчө жетекчилерде сейрек кездешүүчү сапат болгон. Биринчи кезекте, ал адистердин, тажрыйбалуулардын кеңеш-сунуштарын көңүл коюп угуп, анан өз оюндагыларды ары-бери калчап, салыштырып, оптималдуу чечим кабыл алууга, экинчиден, дайыма тийиштүү адабияттарды окуп үйрөнүп, билимин, түшүнүгүн арттырууга аракеттенген. Ал кесипкөй адистерди сыйлагандыгы, баалагандыгы штабынын башчысы, падышанын убагында эле генералдык даражага жетишкен Ф. Ф. Новицкийге жасаган мамилесинен көрүнүп турат. Экөөсү Ярославлда жолуккандан тартып, жарандык согуш бүткүчө айрылган эмес. М. Фрунзе дайыма ага урмат менен мамиле жасаса, Ф. Новицкий аскердик тактика, стратегия, коргонуу иштерин, чабуулдарды уюштуруу, командирлерди тандоо жагынан жардам берген. «Фрунзе был удивительно восприимчив и отзывчив, – деген ал эскерүүсүндө. Он не боялся принимать оригинальные решения… За каждой боевой операцией видел он людей. Он буквально впитывал в себя военные знания, однако не с тем, чтобы коллекционировать их, а для того, чтобы как можно скорее пустить их в дело» (1:495). Же М. Фрунзе аны саясый революциялык жагынан тарбияласа, Ф. Новицкий аны чыныгы аскердик колбашчыга айландырган.

      Командир менен штабдын жетекчиси, же комиссары же Реввоенсоветтин мүчөсү тил табыша албагандан улам аскердик операциялар жабыр тарткан учурлар Жарандык согушта да, Улуу Ата Мекендик согушта да аз болгон эмес. В. Чапаев