Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Россиянын калыптанып, индустриалдык державага айлануусунда Петр-1 менен Екатеринанын ролдору абдан чоң. Бирок, инсан катары алар кандай болгону да эки кылымдан ашык убакыттан бери ачык айтылып жазылып келүүдө. Андан алардын абройлору түшүп деле кеткен жок. Биз да мактагандарыбызды пайгамбарлардан бетер асмандатып, ал эми жамандагандарыбызга жок нерселерди деле жабыштыра бербестен баардыгына калыс, обьективдүү карап талдаганды үйрөнүүбүз керек.
БАК түзүлгөндөн кийин Ревком жоюлуп, бөлүмдөрү автоматтык түрдө анын карамагына өткөрүлгөн. РСФСРдин Баш мыйзамынын 4-бабына ылайык, облустагы эң жогорку башкаруу органы катары советтердин жылына бир жолудан чакырылуучу Курултайы, анын аралыгында ага отчет берүүчү Борбордук Аткаруу Комитети түзүлгөн.
Аны менен падышалык Россиянын убагында Түркстандын төрт облусуна, андан кийин жаңыдан түзүлгөн республикалардын, автономдуу облустун аймактарында калган кыргыздар бир административдик-аймактык түзүмгө бириктирилип, ар элдерге ассимиляцияланып сиңип кетүү коркунучу жоюлган. Азыр улутташтырылган мамлекеттик түзүмдөрдүн чек араларын аныктоодо большевиктер көп кемчиликтерди кетиришкен, а түгүл Борбордук Азиядагы элдерде дайыма чек аралык чыр-чатактардын потенциалдуу коркунучу болуп турушу үчүн атайылап жасашкан деген ойлор айтыла калат. Бир жагынан алганда андай ойлордо да чындыктын үлүшү бар, ККАО түзүлгөндөн кийин Анжиан облусунда мурдатан кыргыздар компактуу жашап келген бир район, Жизакта эки райондой, Ташкентте (Чаткал тоолорунун түшө беришинде) жарым райондой, Памир тарапта эки район, Коженттин айланасында 6 кыргыз айыл башка республикалардын аймактарында калган. Экинчи жагынан, баардыгы бир элдин эрки жана каалоосу менен гана чечилбешин, убагында башка элдердин да ажырымдаштырууда бизге карата дооматтары, талаптары болгонун, жалпысынан алганда ажырымдаштыруу кыргыздар үчүн ийгиликтүү ишке ашырылганын да эстен чыгарбоо керек.
ККАО түзүлгөндө аймагыбыз 195, 7 миң чарчы-километр болсо (3:130), 1996-жылга карата 198, 5 миң чарчы метрди түзгөн (20:364). Башка айрым республикалар облустарынан, райондорунан айрылышса, биздин аймак кеңейген. Анда М. Каменскийден тартып Т. Усубалиевге чейинки жетекчилерибиздин салымдары бар.
Жыйынтыктап айтканда, Орто Азияда улуттук-мамлекеттик ажырымдаштыруу процесси үч этапта ишке ашырылган.
Биринчиси, 1921-жылы 11-апрелде Түркстан Советтик Социалисттик Республикасын түзүлүшү. Ал РКП (б) БКнын Түркстан боюнча комиссиясынын иштеринин жыйынтыктарына ылайык, ажырымдаштыруунун алгачкы этабы катары каралган. ТССРдин жетекчилери жер-жерлердеги этникалык абалды иликтеп, үйрөнүшүп, сунуштарын РКП (б) БКга жана ВЦИКке беришкен. Экинчи, этабы Кара-Кыргыз тоолуу облусун түзүү боюнча 1921-жылы идея жаралып,1922-жылы 4-июнда кеңешүүчү-даярдык көрүү макамында Курултайдын өткөрүлүүсү