Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Азыр айрым тарыхчылар Кыргызстанда чыныгы партиялык диктат Уюштуруу Курултайында эле башталган деп аны терс көрүнүш катары чечмелеп жүрүшөт. Биз аларга: сиздердин оюңуздар боюнча Курултайдын өз ишин баштабай жатып таркап кеткени жакшы беле? -деген суроону бергибиз келет. Анда ал Союздун жетекчилигинде «айрымдары арызданып, даттанып жатышкандай, булар бир чогулушту да өткөрөт албайт турбайбы. Демек, азырынча өз алдынча улуттук-мамлекеттик түзүм болгонго даяр эмес экен» деген пикир жаратып, бизди РСФСРдин курамынан чыгарып, Казакстанга же Өзбекстанга кошуп салышы да мүмкүн эле. Кийин ККАОну КАССРге айландыруу сунушунун жогортон колдоо табышы өтө татаал маселеге айланмак.
Андай учурда М. Каменскийдин демилгени, баардык жоопкерчиликти өзүнө алып, кысым, басым менен болсо да Курултайды аягына чыгарып, ККАОну легитимдештирип, башкаруу органдарын түзүүсү, чынын айтуу керек, эрдикке тете иш болгон. Ал үчүн болсо да анын эмгегин унутпай, бир көчөгө болсо да ысмын калтыруубуз керек.
Ал эми облпартконференциядагы жаңжал боюнча айтсак, азыр деле дүйнөдө бир да партия өз саясатын колдобогонду жетекчи органдарга сунуштабайт, ошон үчүн саясий партия деп аталат. Азыркы Кытайдын архитектору Дэн Сяопинь «Кандай түстөгү мышык болбосун, ал чычкан кармаса болду» дегендей, ошол убакта М. Каменский жетектеген фракция мүчөлөрүнүн кысым менен болсо да Кыргызстандын жүз жылдаган келечегин аныктоодо эпохалдык тарыхый иш жасашкандары эч кимде талаш туудурбайт деп ойлойбуз.
Бир күн мурда Курултайдагы большевиктер фракциясынын мүчөлөрү чогулушуп, БАКтын мүчөлүгүнө сунуш кылына тургандардын тизмесин бекитишкен. Ал тизме 30-мартта эч кандай өзгөртүүсүз делегаттар (70 делегат катышкан) тарабынан кабыл алынып, БАК, 31-мартта анын президиуму, анын төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган. Аны тирешкен эки топко аралашпагандыгы, теги жагынан жумушчу, басмачыларга каршы күрөштүн активдүү катышуучусу болгону үчүн М. Каменский колдогон. ККАОну КАССРге айландыруу демилгесин биринчи болуп Курултайда М. Каменский көтөргөн.
Азыр улуттук тарыхнаамабызда М. Д. Каменский