Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Ал убакта «Кошчу» уюмунун жетекчиси Р. Худайкуловдун позициясы чындыгында күчтүү болгон. Ал партиянын облБюросунун, Ревкомдун курамдарына да кирген. «Түркстандагы кошчулар уюмунун курулушу 1920-жылдан баштапб жылдан жылга жармыналы түшүб төрөлүб келе жаткандыгы бешиктен белгилүү, – деп жазган ал 1924-жылы 7-ноябрда „Эркин тоо“ гезитинин №1-санындагы „Кыргыз кошчу уйуму“ (мында макаланын орфографиялык өзгөчөлүктөрү сакталды) деген макаласында. -Кыргыз ичиндеги кошчу уйумунун мүчөлөрүнүн жалпы саны 60,000 алардан 2,000 батырак» (22).
Мындан көрүнүп тургандай, эгерде мурдагы «Букарадан» чыккан, кедей-кембагалдардын бирикмеси деп эсептелген «Кошчунун» мүчөлөрүнүн үчтөн бири гана эзилүүчү делген таптын өкүлдөрүнөн болсо, бай-манаптардын тобу деп эсептелген А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев үчөөсү жетектеген топтун мүчөлөрүнүн дээрлик баардыгынын пролетариаттык-дыйкандар союзуна тиешеси болбогону көрүнүп турат. Бул ошол мезгилдин реалийлери. Сабатсыз калк саясий, башкаруу иштерине инфантилдүү, кайдыгер болсо, аздыр-көптүр билимдери бар, мурда башкаруу иштерине аралашкандардан башка саясатка ким аралашат? Ал убакта колунда барлардын балдары гана кат-сабаттарын жоюшуп, башкаруу иштерине, негизинен канцелярдык жумуштарга тартылган.
Көз карандысыздыктан кийин Кыргызстандын 1920-1930-жылдардагы тарыхына кайрылганда 5 айдай гана иштеген Ревкомго, советтердин курултайларына, ал түзгөн Борбордук Аткаруу Комитетинин иштерине негизги басым жасалып, облустук партиялык уюмдун мамлекеттикти калыптандырып бекемдөө боюнча күндөлүк иштери, конференция,