Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек. Папан Эргешович Дүйшөнбаев

Читать онлайн.
Название Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Автор произведения Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Жанр
Серия
Издательство
Год выпуска 0
isbn 9785006581746



Скачать книгу

кылып жатканын-жогорудагылар, жогорудагылардыкын -төмөндөгүлөр билбей калган же түшүнбөгөн анархия өкүм сүрүп турган. «Мы пришли к такому положению, когда существующий порядок отношений между центром и окраинами, т. е. отстутствие всякого порядка и полный хаос, становятся нестерпыми, создают конфликты, обиды и раздражение, превращают в фикцию т. н. единое федеративное народное хозяйство, тормозят и парализируют всякую хозяйственную деятельность в общероссийском масштабе, -деп мүнөздөгөн И. Сталин ал мезгилди 1922-жылы 22-сентябрда В. И. Ленинге жазган катында. Одно из двух: либо действительная независимость и тогда -невмешательство центра… Формально решения СНК, СТО и ВЦИК РСФСР необязательны для независимых республик, причем эти учреждения сплошь и рядом отменяют постановления центральных учреждений независимых республик, что вызывают протесты последних против „незаконных действий“ центральных учреждений Москвы». Андан ары ал аймактардагы органдардын чечимдерин Москва жокко чыгарса, ал жер-жерлердеги коммунисттер жана партияда жоктор нааразы болушуп, аны алдамчылык жана эки жүздүүлүк катары кабылдашып жатканын белгилеп, «… если теперь же не заменим формальную (фиктивную) независимость формальной же (и вместе с тем реальной) автономией, то через год будет несравненно труднее отстоять фактическое единство советских республик» деп жыйынтык чыгарып, Грузиянын БКси РКП (б) БКнын макулдугусуз англо-француздардын капиталынын эсебинен Тифлисте оттоман банкынын бөлүмүн ачканын мисалга келтирет (21:198—199).

      Мындан көрүнүп тургандай, В. И. Ленин жаңыдан түзүлүп жаткан республикалардын бөлүнүп чыгып кетүүгө чейинки толук өз алдынчалыгын жактаса (Х. Г. Раковский колдогон), И. Сталин алар реалдуу автономиялык укукта гана болушу керек, антпесе биримдикти сактоого мүмкүн эмес деген позицияда турган. Ал өз позициясын 1922-жылы 27-декабрда В. И. Ленинге жана Саясий Бюронун мүчөлөрүнө жөнөткөн катында дагы бир жолу кайталаган (21:208). РСФСР менен көз карандысыз республикалардын ортосундагы мамилелер боюнча ал даярдаган документтердин баардыгында «формальное вступление» «формальное распространение компетенции» деген сөздөр көп кайталанат. Ошол убактагы эң таасирдүү жетекчилердин бири, Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары Л. Б. Каменев 1922-жылы 27-сентябрда В. И. Ленинге жазган катында «По-моему или не трогать совсем вопроса о „независимости“ (что, видимо, уже невозможно), или провести Союз так, чтобы максимально сохранить формальную независимость, т. е. приблизительно по приложенной схеме» деп, армия, темир жолдор, магистралдык жолдор, почта, тышкы иштер, тышкы соода түздөн түз Союздун гана компетенциясында болушу керек деген сунуш киргизген (21:206—207). Анын сунушун А. И. Рыков колдогон. В. И. Ленин «формальное обьединение» дегенди «вступление» деген сөз менен алмаштырууну талап кылган.

      В. И. Ленин өлгөндөн кийин аймактарда улуттук-мамлекеттик түзүмдүк ажырымдаштыруу процесси тездеп, нын И.