Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Ал 1922-жылы 29-декабрда РКП (б) БКга жиберген элдин атынан деп аталган докладдык катында жогоруда айтылган аргументтерден сырткары: «… образование особой Горной области из южной части Семиречья и 6 волостей Аулие-Атинского уезда Сыр-Дарьинской области, означает распыление, итак недостающих сил, оно сопряжено бесполезными тратами сил и громадными расходами… обьединяются 54 волостей, из них 19 являются совершенно разоренными в 1916-1917-гг., …отсутствуют необходимые помещения и постройки… Присоединение 6 волостей Аулие-Атинского уезда нецелобразно и ничем не оправдывается чисто по территориалным соображением-условиям. Между этими волостями и границей Семиреченской области имеется большой по своей занимаемой территории Меркенский район, населенный, главным образом, киргизами-кайсаками и русскими…. вся трудовая сознательная часть кара-киргизского населения энергично высказывается против образования этой области», -деген аргументтерди келтирген (10).
Адатта элдин атынан мамлекеттик эң жогорку органдардын жетекчилери гана сүйлөй алышат, коомдук уюмдардын жетекчилеринин ага укуктары жок, бирок, тилекке каршы, ал биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз, анткени андай көрүнүш азыр деле жоюла элек. Аты болгон менен заты жок партиялардын лидер атпайлары азыр деле элдин атынан деп демагогияларын таңуулай беришет.
Белгилүү тарыхчылардын бири Р. Худайкуловдун эл атасы болуу дымагы болгон дейт. Мында, албетте, ал өз элинин өз алдынча бөлүнүп чыгуусуна каршы турса, анда эл атасы болуу дымагы кайдан оюна келмек эле? -деген суроо жаралат. Тескерисинче ал: «Нашим отцом является Алаш и поэтому не может быть разговора о различии между киргизами и казахами» деген позицияда турган (11:20). Ал эми Ж. Абдрахмановдун эскерүүлөрүнө ылайык, аны колдогон чыныгы кыргыздар деле жетишерлик болгон. Ойлоп көрүңүздөр, Р. Худайкулов катарында 40 миңге жакын мүчөсү бар, ошол мезгилдеги эң массалык коомдук уюм деп эсептелген «Кошчуну» жетектеп туруп, анда аны колдогон чоң топ болмоюнча Тоолуу облусту түзүүгө ачык каршы чыга алмак эмес. Ошондуктан Тоолуу облусту түзүүнүн душманы болгон деп жалгыз эле Р. Худайкуловду же анын жакын тилектеши Д. Бабахановду эле күнөөлөй берүү обьективдүү чындыкка ылайык келбейт. Бул өзүнчө кошумча иликтеп, талдоону талап кыла турган маселе.
Тоолуу автономдуу облусту түзүү аракеттери
Ошентип көптөгөн талаш тартыштардан, тирешүүлөрдөн кийин 1922-жылы 4-июнда Пишпекте кара кыргыздардын эмгекчилеринин өкүлдөрүнүн өз алдынча Тоолуу облусту түзүүгө даярдыктарды көрүү боюнча Курултайы ачылган. Ага 425 өкүл катышкан, Курултайды уюштуруу Комиссиясынын төрагасы Абдыкерим Сыдыков сөз сүйлөп ачкан. Күн тартибине киргизилген маселелерди (жети маселе) талкуулоого келгенде карама каршы позициялардагы тараптар кызууланышып, биринин сөзүн, аргументин экинчиси укпай жаакташып, саясый жарлыктарды