Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Түркстан аймагынын советтеринин 1918-жылы 30-апрелдеги сьездинде «Түркстан Советтик Социалисттик республикасы жөнүндө Жобо» кабыл алынып, анын аймагына жалпы Түркстан, Хива менен Бухара кирери, эң жогорку башкаруучу орган- советтердин сьезди, мыйзам чыгаруучу орган катары ал шайлаган- БАК (Борбордук Аткаруу Комитети), ал эми аткаруу бийлиги- Эл Комиссарлар Кеңеши болору аныкталган (7:49). Ал жободо автономия жөнүндө айтылбайт. Мындан совет бийлигинин башында тургандар алгач ТССРди түзүүнү гана көздөшкөнү, бирок кийинки саясый, этникалык процесстерден, өзгөчө географиялык, адам ресурстары жагынан өтө эле чоң болуп кетсе, ал кошумча маселелерди жаратпайбы деген кооптонуудан улам автономия деген түшүнүккө кайрылышканы көрүнүп турат. Ал И. Сталиндин 1919-жылы 12-февралдагы Түркстандагы партиялык уюмдарга жана совдептерге жөнөткөн циркулярдык катында «Освобождение народов Средней Азии и образование Түркстанской автономной советской социалистической республики» (7:129) деп биринчи ирет айтылат.
Негизинен Түркстандын аймагында жашаган элдер совет бийлигин расмий түрдө 1917-жылы ноябрда тааныган десе болот. Ташкентте 15-22-ноябрда советтердин Бүткүлтүркстандык 3-сьезди өткөрүлүп, анда көптөгөн талкуулардан кийин жаңы бийликти таануу боюнча чечим кабыл алынып, курамына 8 солчул эсер, 7 большевик кирген Түркстандын биринчи советтик өкмөтү түзүлгөн. Бирок, ага бир да мусулман кирбегендиктен эл арасында аябагандай чоң нааразылыкты жаратып, ага жооп катары бир айдан кийин мусулмандардын кезексиз IV курултайы өткөрүлүп, анда башында татар улутундагы Мустафа Чокаев турган Кокон Республикасы түзүлгөн. Алар өз алдынча бөлүнүп чыгып кетүүнү максат кылышкан эмес, жаңы мамлекеттердин конфедерациясынын бир мүчөсү болууну гана көздөшкөн. Бирок, аны кийинки жылы февралдын аягында кызыл аскерлер, Ташкент, Кызыл-Кыядан, Скобелевден (Фергана) барган жумушчулардын отряддары, армяндар талкалап жок кылышкан (6:119).
Андан кийинки эки жыл Түркстан аймагы үчүн саясый баш аламандыктардын, жарандык согуштун мезгили болгон. Басмачылык кыймыл күчөгөн, аны азыр айрымдар элдик көз карандысыздык кыймылына теңеп жүрүшөт, анда да чындыктын үлүшү бар, бирок аны жарандык согуштун бир формасы катары сыпаттаган туура болот деп ойлойбуз. Анткени, алардын иш аракеттеринде басып алып тартып алуулар, алгачкы мугалимдерди, паранжысын ыргыткан, мектепке барган кыз-келиндерди, коммунисттерди жана комсомолдорду өлтүрүү, ишканаларды кыйратып, элди талап тоноо сыяктуу ж. б. азыркы эмес, ошол убактагы да адеп-ахлактык сын-ченемдерге сыйышпаган көрүнүштөр көп болгон.
Басмачылардын борборлоштурулган жетекчилиги, саясый максаты, идеологиясы түгүл жөнөкөй эле тартип да болбогондуктан аймактык бирдиктүү күчкө айлана албаган, айрым корбашылар утурумдук локалдык колдоолорго ээ болуп, аскерлеринин сандары 3—3, 5 миңге чейин жеткен учурларда (Көр Шермат, Эргеш, Калкожо) бийлик, байлык талашуулардан улам ички тирешүүлөр, жаңжалдар көбөйүп, кайра бөлүнүп