Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Бул маселеге кийинки макалаларыбыздын биринде кеңирирээк токтолобуз, кайрадан өз темабызды улантсак, Өзгөчө Комиссиянын мамлекеттик жана партиялык уюмдардын иштерин текшерип-тескеп, жогорку органдардын токтомдорун, чечимдерин көзөмөлдөөгө, чукул конференцияларды жана сьезддерди чакырууга, зарыл учурларда аларды таркатып жиберүүгө укугу болгон (13:158). Анын эң таасирдүү мүчөсү, Түркстан фронтунун кол башчысы, жердешибиз М. В. Фрунзе болгон. Анын актарга, басмачыларга каршы күрөштө гана эмес, Түркстандагы элдерди ажырымдаштырып, өздөрүнүн мамлекеттигинин алгачкы формаларына ээ кылуудагы эмгеги да чоң. Андагыдай чукул кырдаалдарда кайсыл аймакта болбосун фронттун командачысынын позициясы чечүүчү аргумент болгону талашсыз. Мында кошумчалай кетчү нерсе, аны биз ушул эмгегибиздеги М. Фрунзеге арналган макалада ачып бергенге аракеттенебиз.
«С приездом Түркстанской комиссии ВЦИК совершенно по-новому пошла работа, -деп жазат ошол убактагы партиялык жана мамлекеттик ишмер, Өзбек ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешин 13 жыл жетектеген (1924—1937) Файзулла Ходжаев, -Түрккомиссия уделила специальное внимание исправлению тех ошибок, которые были допущены в национальном вопросе. Борьба за правильное осуществление ленинской национальной политики, усиленное внимание к вопросам хозяйственного строительства сразу же дали прекрасные результаты; широкие массы трудящихся Туркестана сразу почувствовали всю разницу старого и нового руководства. Можно сказать прямо, что именно приезду Турккомиссии, результатом её деятельности мы обязаны тем, что все больше и больше трудящиеся массы коренных национальностей Средней Азии начали вовлекаться в советское государственное строительство. Было положено начало широкой коренизации всего советского и хозяйственного аппарата Советского Туркестана» (12:160). Андай жергиликтүү кадрлардын көпчүлүгү билимдери, даярдыктары жетишпегенден улам «тойдогу генералдардын» милдеттерин аткарышканы да чындык.
Орто Азияда коммунисттик идеологиянын классикалык вариантындагыдай күчтүү жумушчулар табы, аларды ырайымсыз эксплуатациялаган капиталисттер табы болгон эмес. Отурукташкандар социалдык абалдарына карабастан патриархалдык бирикме, маалелер формасында, ал эми көчмөндөр уруулук жана уруктук системада жашап, саясаттан, идея идеологиялардан топтук, уруулук-уруктук байланыштарын жогору койгондуктан жаңы идеяларды киргизүү аябагандай чоң кыйынчылыктарды жараткан. Башка партияларга, бирикмелерге кайрылбай эле, большевиктердин өздөрүнүн ичиндеги башаламандыктарды эле алсак, ошол убакта Түркстанда бири-бирине