Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек. Папан Эргешович Дүйшөнбаев

Читать онлайн.
Название Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Автор произведения Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Жанр
Серия
Издательство
Год выпуска 0
isbn 9785006581746



Скачать книгу

кара-кыргыздардын суроо талаптары боюнча аларга Түркстан АССРинин курамынан чыгып, өзүнчө Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүүгө укук берүү жөнүндө токтом кабыл алынган (3:129).

      Советтик мезгилде мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин принципиалдуу чечимдеринин долбоорлорунун алдын ала жогорку партиялык органдарда каралып жактырылуусу же акыркы электен өткөрүлүүсү норма болгон. РКП (б) БКнын Саясый Бюросу 1924-жылдын 11-октябрындагы отурумунда бул маселени акыркы жолу талкуулап, тийиштүү документтерди карап чыккандан кийин Орто Азиядагы элдерди улуттук-мамлекеттик ажырымдаштыруу тууралуу чечим кабыл алган.

      Андан үч күндөн кийин Советтердин Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясы ТүркБАКинин улуттук-мамлекеттик ажырымдаштыруу жөнүндө токтомун карап, башка элдерди ажырымдаштыруу маселеси менен бирге Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүп, аны түз РСФСРдин курамына киргизүү боюнча чечим кабыл алган. Ошентип кыргыздардын гана эмес, жалпы Орто Азиядагы элдердин кылымдардан берки үмүт-тилектери, Октябрь революциясынан кийинки суроо талаптары 1924-жылы 14-октябрда ишке ашкан.

      Ал эми 1924-жылы 7-ноябрда биринчи саны жарык көргөн «Эркин тоо» гезитиндеги «Эл хам сарамжалы» деген макалада ККАОнун демографиялык, социалдык жана экономикалык абалы төмөндөгүдөй сыпатталган. Макаладан үзүндүнүн орфографиялык, грамматикалык өзгөчөлүктөрү ошондогудай сакталып берилет: «Бүткүл облустун жери 195800 чарчы чакырымга туура келиб ар чарчы чакырымда 4 жан турат. Калкы: 790122 киши мунун 504858 кыргыз, 118170 өзбек, 133123 орус, 1986, 65 түркмөн хам калганы ар түрдүү калктар (түрүк, уйгур, татар, дунган, сарт, калмак, кыпчак, казак ж. б.)

      Малдар: (20-жылдагы эсеби боюнча). Жылкы 205 миң, кара мал 316 миң, төө 20 миң, эчки 182 миң, доңуз 36 миң (европалык кожолуктарында), эшек 6 миң. Аштыктар: сугарылган жерлерде буудай, арпа, сулу, болуб 102 миң, теше күрүч 6 миң, апийим, жүгөрү, конок 19 миң, пахта 10 миң, беде 19 миң теше. Сугарылган жерлерде хам түрдү эгиндер 49 миң теше бары сугарылган. Сугарылбаган эгиндиктер 250 миң теше. Эскертү: бул сандардын барысы чамалап алынган. Бул жерлердин байлыгы тоонун эчен түрдүү кендери: алтын, күмүш, темир, жез, асыл таштар, күкүрт жана таш көмүр, керосин майлары“ (22). Ал эми саясый, психологиялык абал, кыргыздар, милдеттер төмөнкүдөй сыпатталат: „Саконго белгилүү мурун өзбек, казак, тажик, кыргыз, түркмөн журттарынын сайасы турмуштары бир казанда кайноочу эле. Эми хар өз казанын кандай кайната турганын өзү текшере турган болду. Кыргыз калкы эрктүү облус болорун болду. Биздин сайасы чарбачылыгы, агарту иштер биздин жетишкен кем кетиги чийки чарасы чачтан көб. Башка улуттарга караганда биздин кыргыз калкы караңгылыгы, надандыгы, билимсиздиги калыб эмес, маселен: биздин коңшубуз өзбек калкы мурун да азыр да маданият жагынан көб жогору турат.

      Мына, бул кемчиликтерди эске алыб, кечиктирбей увактын өткөрбөй чарасына киришиб камын көрүү эң чоң бурч» (22). Мында автор «бурч» деген сөз менен милдет дегенди айткысы келсе керек.

      Тарыхчылар