Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек. Папан Эргешович Дүйшөнбаев

Читать онлайн.
Название Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Автор произведения Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Жанр
Серия
Издательство
Год выпуска 0
isbn 9785006581746



Скачать книгу

айтканда, жыгылган сайын күрөшкө тойбой кайра алдыга умтулуп турган. Ж. Абдрахманов кара-кыргыздар менен кара-калпактарды бириктирип, чоң автономияны түзүүнү да сунуш кылган. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын Түркстандын гана эмес, ВЦИКтин, РКП (б) БКнын жетекчилери да түшүнүшкөндө Борбордук Азиядагы элдерди ажырымдаштырууну Москва өз колуна алган.

      Ажырымдашуу процессинин тездеши

      Аймактагылар үчүн 1924-жылдын саясий турмушу январда советтердин Бүткүлтүркстандык ХII сьезди менен башталган. Анда кара-кыргыздардан шайланган, Нарын уездинен -Абаев, Баялинов, Каракол уездинен- Абдрахманов, Ачекеев, Тойчинов, Ош уездинен- Иманкожоев, Карабеков, Төлөнов, Оморбеков, Наманган уездинен- Ботбаев, Салихов, Мамбеталиев, Анжиан уездинен-Кулбосунов, Сарыбаев, Олуя-Ата уездинен- Абланов, Бабажанов, Маймылов, Токбаев, Пишпек уездинен- Айдарбеков, Садаев РКП (б) БКга, СССР БАКинин Улуттар Кеңешине кайрылуусунда өзбектер менен кайсак-кыргыздардын арасындагы жалпы саны миллионго жеткен кара кыргыздардын кызыкчылыктары таптакыр эске алынбай, тилдери, жашоо образдары окшош болгондуктан ал кайсак-кыргыздардын бир бөлүгү катары каралып, башкаруунун уезддик аппараттарын түзүүдө өгөйлөнүп, тилин, маданиятын өнүктүрүүгө көңүл бурулбай жаткандыгы айтылып: 1. Кара кыргыздарды башкалардай эле өзүнчө эл катары таанууну, 2. Түркстандагы башкаруу органдарында алардан өкүлдөрдү көбөйтүүнү, 3. Кара кыргыздардын тилин, маданиятын өнүктүрүп, окуу китептерин чыгарууга жетиштүү каражат бөлүүнү талап кылышкан (11:29—30).

      Бул кат ВЦИК менен РКП (б) БКнын Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү боюнча оң пикирге келишинде чоң роль ойногон. Анткени, алгач казактар, анан өзбектер кыргыздарды өз аймактарында, курамдарында калтыргылары келгени Түркстан КП (б) БК менен Түркстан БАКинин Президиумунун 1924-жылы 10-мартта өткөрүлгөн биргелешкен кеңешмесинде Түркстан КП (б) БКнын катчысы, Реввоенсоветтин мүчөсү, РКП (б) БКнын Орто Азиядагы улуттарды ажырымдаштыруу боюнча комиссиясынын мүчөсү, Өзбектер боюнча комиссиянын төрагасы Абдулло Рахимбаевдин баяндамасынан ачык көрүнөт. Ал өз баяндамасында айрым кыргыз жана түркмөн кызматкерлеринин сепаратисттик аракеттери партиялык жана мамлекеттик иштерге терс таасирин тийгизип жатат деп айыптаган (11:31). Ал улуттардын ичинде эзүүчү таптагылар менен эзилгендердин ортосунда күрөш күчөгөндө гана улуттарды ажырымдаштыру максатына жетет, андай күрөш жок болсо, өзүн актабайт деген жыйынтык чыгарган. Ал эми уруу-уруктук системада жашаган кыргыздардын арасында таптык күрөш деген түшүнүк болгон эмес.

      Кеңешмеде сүйлөгөндөрдүн Э. Арабаевден башкасы аны колдошкон. Кеңешме курамында Тажик автономиясы менен Өзбек Республикасын жана Түркмөн Республикасын түзүп, казактар жашаган облустарды жана райондорду Казак Республикасына өткөрүп берип, анын ичинде кара кыргыздардын автономиясын камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алган (11:33). Бул маселелерди дыкат тактап-тастыктап, үйрөнүп чыгуу