Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек. Папан Эргешович Дүйшөнбаев

Читать онлайн.
Название Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Автор произведения Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Жанр
Серия
Издательство
Год выпуска 0
isbn 9785006581746



Скачать книгу

менен айрымаланган. Ал эми комиссия бир маселени чечүү үчүн аны адегенде өзү карап, анан обкомго жөнөтсө, обком, партиядагы демократиялык борборлоштуруу принцибине ылайык, Түркстан КП (б) БК менен макулдашмайынча өз алдынча андай маселени чече алмак эмес. Обкомдун андагы отурумунда А. Сыдыковдын апелляциялык арызы каралып, партияга кайра кабыл алынган, аны ТКПнын Көзөмөлдөө комиссиясы июлда бекиткен (6:127).

      Мына ошондон тартып А. Сыдыков жана анын тарапкерлери жөн эле Тоолуу облусту эмес, Фергана өрөөнүндө кыргыздар компакттуу жашаган жерлерди да кошуп, Кара-Кыргыз Автономдуу облусун түзүү маселесин көтөрө башташкан. Анткени, Тоолуу облус дегендин өз алдынчалыгы жок, унитардык мамлекеттин бир субьектисиндей эле макамда болсо, «автономдуу» деген макам кошулса, ал белгилүү деңгээлде саясый, кадрдык жана чарбалык өз алдынчалыкка ээ кылмак. Андай өз алдынчалыкка жетишүүгө умтулуу Жети-Суу облусунун, Түркстан АССРинин казак, өзбек улутундагы жетекчилерине жакпаган. Теги Чымкенттик, ошол убакта ТКП (б) БКнын бюро мүчөсү жана үгүт жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Ороз Жандосов, Каскелеңдик, ТүркБАКтын төрагасынын орун басары, чечендиги менен айрымаланган Султанбек Кожонов, ал эми Чүйдөн «Кошчу» уюмунун жетекчиси Рахманкул Худайкулов ал сунушка каршы чыгышкан. Казак изилдөөчүлөрүнүн айтымында, Кожон уулу Султанбектин казак мамлекетин түптөөдөгү ролу абдан чоң. Анын сунушу менен республиканын аталышындагы «кыргыз» деген сөз 1925-жылы «казак» деген сөзгө алмаштырылган. Анын Казакстанга Кара-Калпакстанды, Сыр-Дарыянын 3 уездин кошуудагы ролу да чоң болгон. Ороз Жандосов орусча мыкты сүйлөгөн, бир сьездде В. И. Лениндин мактоосуна да арзыган (9). Ал эми кыргыз, теги Кеминдик Р. Худайкулов ошол убактагы эң чоң коомдук, катарында 40 миңге жакын мүчөсү бар «Кошчу» уюмун жетектеген. Мына ушундан эле Тоолуу кыргыз облусун түзүүгө каршы тургандардын кандай чоң күч болгону көрүнүп турат.

      О. Жандосов менен С. Кожонов- казактар, алардын аракеттери түшүнүктүү. «Ар ким өз табагына күл тартат» дегендей, алар КазССРдин жери, эли көп болушун каалашкан. Ал эми Кеминдик Р. Худайкулов аларга кошулуу менен кандай максатты көздөгөн?

      Айрым булактарда анын түпкү теги казак, ал тукумдаштарына жакпаган иш жасап коюп, кыргыздардын арасына келип башпаанектеп калган Абланын урпактарынан болгон деп айтылат. Кыргызстандын биринчи президенти А. Акаев жөнүндө да андай сөздөр айтылып, жазылып келгенин билебиз. Айрым изилдөөчүлөр анын түпкү теги казак болгону үчүн Жандосов менен Кожоновду колдогон деп да жүрүшөт (6). Бирок, маалыматтарга ылайык, анын түпкү атасы ХV- ХVI кылымдардын тегерегинде качып келсе, андан 7—8 муун өткөндөн кийинки урпагын «казак» деген туура эмес деп ойлойбуз. Анткени, андан 1, 5—2 кылымдан кийин кыргыздарды чаап, бир бөлүгү Чүйдө, Көлдө ж. б. жерлерде калып калган калмактардын тукумдарынын басымдуу көпчүлүгү кыргыздарга аралашып, ассимиляцияланып, сиңип кыргыз болуп кетпедиби. Алардын арасынан улуттук маданиятыбыздын