падышалык Россиянын аймагында, анын ичинде Борбордук Азияда кандай элдер жашаганын толук билгенин ырастаган ынанымдуу фактылар жок. Бирок, ал Улуу Октябрь Революциясы ишке ашары менен падышалык Россиянын аймагында жашаган этностордун баарын великоросстук шовинизмдин чеңгелинен чыгарып, өз алдынчалыкка ээ кылып, өз тилдерин, маданияттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү максат кылганын фактылар ырастайт. Анын максаты: чоң этносторго-республикаларды, андан чакандарына-автономияларды, сандык жактан өтө эле аздарына- коммуналарды түзүүгө мүмкүндүк берүү болгон. Ал географиялык шарттары бар республикаларга, автономияларга Союздан өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыгып кетүү укугуна чейин берүүнү чын дилинен жактаса, анын айрым шакирттери (Каменев) бөлүнүп чыгып кетүү укугу формалдуу түрдө гана болушу керек, республика, автономия деген түшүнүктөрдү саясый жактан эмес, маданий, тилдик өңүттөрдөн гана кароо керек деген позицияны тутунушкан. Убагында РКП (б) БКнын Генералдык катчысы, совет Өкмөтүнүн улуттардын иштери боюнча эл комиссары И. Сталин майда этностордун өз алдынчалыктары боюнча «маданий-улуттук автономия» деген түшүнүктү сунуш кылган, бирок В. И. Лениндин каршылыгынан улам андан баш тартууга аргасыз болгон. Буларга төмөнүрөөктө токтолобуз, мында В. И. Лениндин СССРди түзүү алдындагы улуттук маселелер боюнча принциптерине көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. Анын биринчи принциби: жаңыдан түзүлгөн республикалардын Союздан биротоло бөлүнүп чыгып кетүүгө чейин реалдуу укугу болушу керек. Экинчиси, башка элдерди великоросстук шовинизмден коргоо зарыл. «При таких условиях очень естественно, что „свобода выхода из союза“, которой мы оправдываем себя, окажется пустою бумажкой, неспособной защитить российских инородцев от нашествия того истинно русского человека, великоросского-шовиниста, в сущности, подлеца и насильника, каким является типичный русский бюрократ-деген ал СССРди түзүүнүн алдындагы запискасында. … приняли ли мы с достаточной заботливостью меры, чтобы действительно защитит инородцев от истинно русского держиморды? Я думаю, что мы этих мер не приняли, хотя могли и должны были принять» (4:374). Ал эми экинчи запискасында улутчулдукка келгенде: башкаларды эзген чоң улуттардын улутчулдугу менен эзилген майда элдердин улутчулдугун ажырата билүүнү, экинчисине караганда биринчиси зыяндуу экенин белгилеп, майда элдердин улутчулдугуна этияттыкта түшүнүү менен мамиле жасоону талап кылган. «… в данном случае лучше пересолить в сторону уступчивости и мягкости к национальным меньшинствам, чем недосолить» (4:376—377). Майда элдердин тилдерин өз аймактарында колдонуусун камсыз кылууга келгенде анын талабы жогорудагыдан да катуу категориялуу түрдө болгон. «Надо ввести строжайшие правила относительно употребления национального языка в инонациональных республиках, входящих в наш союз, и проверить эти правила особенно тщательно. Нет сомнения, что под предлогом единства железнодорожной