Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Доорлор, мезгилдер алмашканда көркөм чыгармалар гана эмес, тарыхый булактар да жаңыча окулуп, жаңыча каралат. Ал аркылуу мурдагы окуялардын жаңы сырлары, кырлары табылып, ачыкка чыгарылат. Маселен, азыр кыргыз мамлекеттигинин жаңыча шарттарда кайра жаралышын түптөгөндөрдүн падышалык Россиянын жергиликтүү мамлекеттик органдарында иштеп, «Алаштык», эсердик, кадеттик кыймылдарга активдүү катышып, ошолордун катарларында партиялык тажрыйбаларды топтогондоруна басым жасалууда. Бирок, ошол эле тарыхчылардын көпчүлүгү алар реабилитациялангандан кийинки советтик мезгилдерде кыргыз мамлекеттигин түптөгөндөр «Алашка» же эсердик партияга мүчө болушкан эмес, алардын баары жалаа болгон деп жазып келишкенин кантип эстен чыгарабыз! ККАОнун идеологдорунун бири эки жыл эсерлердин гезитине редакторлук кылганы көз карандысыздыктан кийин гана айтыла баштады. Атаандаш башка партияга мүчө болгондугу үчүн эле репрессиялаганды эч качан актоого болбойт, бирок андай болгон эмес деп тануу да илимге ылайык келбейт. Биздин мында айтайын дегенибиз, документтерди жаңыча окуу деген саясий система алмашканда мурда аныкталып, такталып, аксиомага айлангандарды да танып, кыялый болсо да жаңы парадигмаларды жаратуу далалатына айланып кетпеши керек. Кыялыйлардын илимге эч кандай тиешеси жок, ал көркөм чыгармачылыктын энчисиндегилер.
Ошентип 1924-жылдын ноябрынан же партиялык жана мамлекеттик убактылуу башкаруу органдары түзүлгөндөн советтерге шайлоолорду, андан кийин советтердин Уюштуруу Курултайын өткөрүп, толук легитимдүү башкаруу органдарын түзүүгө даярдыктар башталган. Партиянын облБюросу ал иштерди координациялап, жетектөө менен бирге өздөрүнүн облконференциясын өткөрүүгө даярдыктарды көрүүгө киришкен. Ал убакта экономикалык, чарбалык абал оор болгон.1924-жылга карата жарандык согуштан, басмачылыктан кыйрагандардын 70 пайызы гана калыбына келтирилген. Маселен, Аман палван жетектеген корбашылар Таш-Көмүрдүн элин бир нече жолу чабышып, жумушчуларын, адистерин өлтүрүп, шахталарды кошумча жайлары менен кошо өрттөп кетишкен. Андай көрүнүштөр Фергана өрөөнүнүн дээрлик баардык жерлеринде болгон. Коммунисттер, комсомолдор, мугалимдер күндүз өз иштерин аткарышса, түндөсү солдаттар менен бирге стратегиялык обьектилерди кайтарып, же үңкүрлөрдө, токойлордо түнөп жүрүшкөн.
Калыбына келтирүү иштерин уюштуруп жетектөө да Ревком менен облБюрого жүктөлгөн. Бирок, саясий жактан ал убакта жаңы түзүлгөн облустун укуктук пайдубалын түптөө эң башкы милдет болгон. Ал Ревком караган маселелерден эле көрүнүп турат, ал 12-ноябрда өз милдетин аткарууга киришип, биринчи кезекте Кыргызстанда административдик-аймактык бөлүүлөрдү-округдарды, райондорду түзүүнү