Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Советтердин 1922-жылдын мартындагы Бүткүлтүркстандык ХIII курултайында А. Сыдыков Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетине Тоолуу Кыргыз облусун түзүү маселесин койгон. Анын андай демилгеси башка элдердин лидерлерине жаккан эмес. Курултайда ага каршы чыгышпаган менен ал аяктаар замат «мурдагы полицай» деген шылтоо менен аны партиядан чыгарып, 23-мартта Жети-Суу облаткомунун төрагалык кызматынан да бошотушкан. Бирок, А. Сыдыков аябагандай өжөр, кандай кырдаалдарда болбосун баштаганынан кайра тартпаган, оңой менен майтарылбаган, эр жүрөк адам болгон. Ал партиядан чыгарылып, кызматынан алынган менен ал көтөргөн маселе Курултайдын документтеринде «жактырууга ээ болду» деп катталып калгандыктан, анын негизинде Түркстан компартиясынын Борбордук Комитетинин секретариаты 1922-жылы 25-мартта Жети-Суу облусун райондоштуруу маселесин карап, «ТүркБАКтын Президиумуна Түркстан Республикасынын курамында Пишпек, Пржевальский, Нарын уезддеринин, Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүгүнүн базаларында Тоолуу облус түзүү жөнүндө декретти жарыялоону тапшырган. Ал убакта Фергана өрөөнүндө басмачылар, ар кандай кыймылдар менен айыгышкан күрөш жүрүп жаткандыктан ал жактагы кыргыздарды Тоолуу облуска кошуу маселеси кийинкиге калтырылган. Ошонун эртеси күнү 26-мартта Түрк БАКтын Президиуму «Тоолуу кара кыргыздар жашаган райондордун калкынан өзүнчө облусту түзүу жөнүндө» токтом кабыл алган. Облустун борбору катары Кочкор кыштагы тандалган. Ыгы келгенде кошумчалай кетсек, кийин облусту түзгүчө Токмокту, Ак-Сууну (Беловодское), же Жалал-Абадды борбор кылуу каралып келген. Борбор үчүн негизги талап, сын-ченем- темир жол байланышы болгон. Ал убакта республикадагы темир жолго кошулган жападан жалгыз шаар Жалал-Абад болгондуктан ККАОнун борбору катары алгач ага токтолушкан. Бирок, турак-жайлары, кеңселик имараттары өтө аз болгондугуна байланыштуу убактылуу борбор катары Пишпек тандалып, темир жол курулгандан кийин Жалал-Абад эстен чыгып, Пишпек биротоло борбор болуп калган.
1922-жылы 5-апрелде А. Сыдыков компартиянын Жети-Суу обкому менен облаткомунун биргелешкен жыйынында кара-кыргыздардын Тоолуу облусун түзүү боюнча уюштуруу комиссиясынын төрагасы