Мезгил ажырымы. Алтын Иниятовна

Читать онлайн.
Название Мезгил ажырымы
Автор произведения Алтын Иниятовна
Жанр Современная зарубежная литература
Серия
Издательство Современная зарубежная литература
Год выпуска 2015
isbn



Скачать книгу

улуу келининин оозу эле кыбырайт, эмне деп сүйлөп жатканын дааналап чоң эне уга албады.

      Кайнисинин баласы да, кыздары да дин ишениминде экенинен Сыйдагүл кабары жок эле. Мал сойууга, боорсок бышырууга, ыйлоого катуу тыйуу салынган экен. Аркы кичине үйдө эки сааттан бери эненин улуу баласы сөөк ээсине кыргызда канга сиңген адат бар экенин түшүндүрө албай, короо толтура элди кайда батырып, эмне кылганы жатканын өзү түшүнө албай талаш-тартыш болуп жатканын эч ким билген жок. «Эмне…эт жегени келдиңер беле?» – деген үй ээсинин айтуусу боюнча сөөк коюлгандан 3 күн өткөн сон кафеге куран окулат экен. Кафеге кетчү чыгым менен сөөк башындагы чыгымдын айырмасын түшүнө албай эненин уул келини бушайман. Үй ээсинин чечими кандайдыр бир деңгээлде туура экенин, эл арасында калыптанып калган жамандыкта мал соймой деген көрүнүшкө көнгөн бул улуу муундун кабыл алышы, макул болушу күмөн эле.

      Айтор, ары-бери кетип жатышып бир жылкы союлду. Жылкыны 5000 сомго сойуп, чучук, казы, картасын даярдап берген атайын кызмат да бар экен. Боорсок жасалып баарын көнүмүш үрп-адатка ылайыкташтырышты. Өмүрүнүн акырына чейин күйөөсүнүн колуна кол, бутуна бут болгон кичи пейил кайнисин жерге берип, ичи туз куйгандай ачышып жеңе көз жашын тыя албайт…

      ***

      Ася, Денис жана Руслан болуп кайра жолго чыгышты. Ортодо жымжырттык…Үчөө бири бири менен жылдызы келишкен, команда түзүлгөн жагдайды бойлоруна сиңирип ар ким өз ойлору менен алектей. Ася ичинен абдан кубанып маанайы көтөрүңкү. «Эртен сейфтин ачкычын Русланга таштоого туура келет. Бул жигит тууралуу дээрлик маалыматым жок. Жашаган жерин, кайсы даректе жашайт экен көрүп алайын. Сейф деген менен ичинде акча-тыйын деле жок, болгону кыздар тууралуу маалыматтар бар» – деп ойлогон Ася бул жагынан Русланга ишенбөөчүлүк кылып чочулаган жок. Русланга чайкалган магдыраган сезим кайра келип, ал жагымдуу абалды ичине кирген шампан күчөтүп, өзүнчө эле эңди-деңги.

      Ася: – Үйүңүзгө чейин жеткирип коелу. Автобекеттен кайсыл тарапка бурулушум керек? – деди

      Руслан: А..жоок…деп алды да «Үйгө эле кете берсемби. Даяр машине менен түшүп калбайынбы ээ…уйкум да аябай келип чыкты..» -деп ойлоп кетти да «Мейли. Автобекетке жетпей, кийинки чоң көчөдөн оңго бурулсаңыз»…

      Эртең менен Руслан айтылган дарекке келди. Бийик имараттын 6-кабатындагы жаркыраган эки чоң бөлмө экен. Ася Русланды күтүп алды. Заманбап жасалгаланган кабинетке ээрчитип кирип, таза булгаары капталган креслону «сиздин ордуңуз» деп көрсөттү. Чоң стол, анын үстүндөгү компьютер, календар, визитка салгыч, күндөлүк дептер, ручка баары ирээтүү коюлуптур. Руслан баарын сыдыра карап креслого отуруп көрдү да, «сонун го» деп жылмайып койду.

      Сырттан кирген татынакай кызды Ася «сиздин жардамчыңыз, аты Жибек»-деп тааныштырды. Бул жаңы ачылган чакан офисте азырынча Руслан менен Жибек эле иштеп турушат экен. Ася сейфтен калыңдыгы бир кучак болгудай көп папкаларды алып чыгып, ар бир папкада келбети келишкен сулуу кыздардын