Мезгил ажырымы. Алтын Иниятовна

Читать онлайн.
Название Мезгил ажырымы
Автор произведения Алтын Иниятовна
Жанр Современная зарубежная литература
Серия
Издательство Современная зарубежная литература
Год выпуска 2015
isbn



Скачать книгу

«Азыр үйүнө жеткенде, бир аз жатып эс алып алайынчы ээ. Аябай башым ооруп жатат. Бул жакта дарыкана барбы. Үйдөгүлөргө да чалып айтып койбой. Издеп ызы-чуу болушат эми. Телефон заряды түндө эле түгөнүп калыптыр»-деди.

      – «Үйгө жеткенде чалып айтып кой. Бизде дарыкана жок. Үйдө дары бар болсо табабыз. Сен кандай чечтиң? Менттерге барасыңбы?»

      Оор үшкүрүнгөн Канат – «Билбейм…»– деди. Отуз жаштан ашканча мынчалык санаа тартып көрбөгөн жигит, бир күндө эле карып кеткендей болду. Нурик жашы улуулук кылып, бул ойт берме досу бат эле айнып каларын билгендей, машинени убагында каттырып «жардамы» тийгенине өзүнчө компоет…

      Канат үйүнө түшкө маал келди. Апасы ашканада күйпөлөктөп бир нерсе кылып жүрүптүр. Чон энеси төрдөгү диванда телевизор карап отурат. Канат жуунуп жаңы эле чыкканда чон апасынын жанында зарядоодо турган телефон шыңгырады.

      Телефондогу үн:

      –Асоолом аллейкум.Жакшыбек байкеби?

      –Аллейкума ассалам. Жок, бул мен уулу Канат.

      –Канат, жакшы турасыңарбы?. Бул мен Акмат атаңдын кошунасы, Мээрбек атаңмын. Канат…Акмат чон атаңдын көзү өтүп кетти. Кайрат кылгыла. Сыйдагүл жеңеге угузуп койгула. Эртең коюлат. Болуптур жакшы тургула…

      Канат телефонду койду да, төрдө жаткан чоң апасы Сыйдагүлгө барып, кулагы катуу киши укпай калбасын дегениби, үнүн көтөрүңкү чыгарып «Апа… Акмат чон атам каза болуптур» деди. Канат «угузуп койгула» деген сөздүн маанисин «айтып кой» дегендей эле кабыл алган. Чоң эненин көзү чонойуп «Катыгү-ү-үн!!! Эмне дейт! Ыяя….!!! Атыр! Атыркүл! Мобу бай болгур эмне деп атат ….ыыя!!!»-деп кыйкырып жиберди. Бабалактап көзүнөн жашы куюлуп, курган чоң эненин заманасы куурулуп кетти. Ашканадан чуркап келген Канаттын апасы Атыркүл, Канатты жекире карап «Ок!…жерге кир» деп алды. Кабар айтуу жөнүндө түшүнүгү да жок Канат, алгач эмне туура эмес болгонун түшүнбөй, апасы менен чоң энесин алмак салмак карайт. «Ай..басчы..бери…!!!» деп апасы Канатты аркы бөлмөгө ээрчитип барып «Ай..сен..эмне билбейсиңби?!! Мага айтпайсыңбы! Кабар угузуунун да өзүнчө бир тартиби бар. Килтейген киши болдуң!!! Ушуну билбейсиңби!!!». Атыркүл уулуна мындай нерселер тууралуу эч качан айтпаганын, күйөөсү экөө Канатты жандарына ныгыра отургузуп, укса да укпаса да «Жигитсиң, сен билишиң керек» деп үйрөтүшпөгөнүн өзү аңдай алган жок. Жамандык, жакшылыкта алдыга эт тартылган учурда, уулу Канат астына келген бир чара этти «устукандап бөлүштүр» десе «аа..мен билбейм…устуканды жакшы деле тааныбайм» деп, эт салынган чараны ары түртүп жүргөнүн Атыркүл апасы билчү эмес. Бул Атыркүлдүн уулундагы эле кемчилик эмес, бул дээрлик ар бир кыргыз үй бүлөсүндөгү акыркы жылдардагы мезгил ажырымындагы кемчилик эле…

      Кайниси каза болуптур деп уккан жеңе ордуна отура алган жок. 80ден ашып калган бул чоң эненин күйөөсү тараптан эң жакын тууганы ушул кайниси эле калган эле. Башкалары эртелеп эле 50-60жаштан ашып ашпай, тиги жайдын кишиси болушкан. Бара тургандар чогулуп жолго чыкмай болушту. Ал ортодо ортончу келини шыпылдап «Алыс жолдо кайра барыш деле кыйын