Мезгил ажырымы. Алтын Иниятовна

Читать онлайн.
Название Мезгил ажырымы
Автор произведения Алтын Иниятовна
Жанр Современная зарубежная литература
Серия
Издательство Современная зарубежная литература
Год выпуска 2015
isbn



Скачать книгу

музыка, жагымдуу атыр жыт каптап, жүрүп баратканы билинбей мелмилдеген салондо Руслан уйкусу келип кетти. Бой десе бойу, өң десе өңү бар бул жигит жанына отурганда эле айдоочу айым ага көз кырын салып койгон.

      – Шаарда жашайсызбы-деди айым

      –Ооба…

      –Канча жаштасыз?

      –Көп эле, эже…

      – Эмне жумуш кыласыз?

      –Эл катары…

      – Автобекеттен дагы башка жакка кетесизби?

      –Жок…

      Кашы, көзү заманбап жасалгаланган бул айымдай аялзаттар Русландын табитинде эмес болчу. «Чачынын өңү бир башкача экен ээ.., фаранын жарыктарына чагылса өлгөн кишинин чачындай көрүнөт экен»-деп ичинен ойлоп койду Руслан. Айдоочу айымга бул келишимдүү жигиттин көп сүйлөбөй, атайын даярдалган тыңчыдай болгон турушу жагып кетти. Бир суроо сурасаң, бүткүл өмүр баянын төгүп баштаган, сүйлөөк эркектерди бул аял жек көрөөр эле. Бир жумадан бери бир чон ишти ишке ашырууга даярданып жүргөн айдоочу айымга, чоочун, көп сүйлөбөгөн, келбеттүү бир жигит керек болчу. Бул митаам аял үчүн Руслан чоң табылга болду. Эми бул жигитти имерүү керек деп айым ичинен кымындай баштады…

      ***

      Руслан кеткенден кийин Ырыс телмирип жер тиктеп отуруп бир ыйлап алды. Улам эле күйөөнүн санын көбөйтүп, «турмушка чыктым, апа»-деп айылдагы апасына сүйүнчүлөй берип, өзү деле тажап бүткөн. Тээ илгери 19 жашында ак никелеп алган жарын «мажыкый экен, кулак мээни жейт экен, кызганчаак экен»-деп апасына айта берип ажырашып алгандан кийин, ичи жылып, өзүн анын жанында ишенимдүү сезгидей эркекке жолуга алган жок. Экинчи, үчүнчү, мына бул төртүнчү күйөө Нурик да Ырысты көкөлөтүп көтөрмөлөп той кылып үйлөнгөн эмес. Баары эле кудайдан жөө качкан күч күйөө болуп, Ырыстын үстүнө келип жашашып, акчасы болсо тең пайдаланып, акча жок болуп калган кезде жылып чыгып, келди-кетти болуп жүрүп, аягында Ырыс өзү эле жалгыз калган. Кыйынчылык, маселе пайда болуп калса жоопкерчилик албастан, жанынын тынчын самаган, оңой нерсеге умтулган эркектер кайдан чыгат болду экен деп, Ырыс жооп тапкысы келет. Эми бул Нурик менен чогуу түтүн булаткан тагдыры кандай болот, бир кудай өзү билээр. Ырыс эски жамынгычты жамынып бүрүшүп жатып уктап кетти…

      ***

      Канат менен Нурик жол тосуп машине катылган жерге келишти. Бадал, талдын арасынан арты чыгып, бир аз көрүнүп калган машине оң жагына ооп калыптыр. Алдынкы оң дөңгөлөгү саздак жерге батып кеткен экен. Эки жигит айдап чыгара албай бир топ убара болушту. Трассада жарык пайда болуп калса, экөө кыймылдабай калышат. Кыймылдабай калышкан себеби, өтүп бара жаткандар «жардам берели»-деп келе калса, жабыркаган машинени көрүп калышып ашыкча «баш оору» болот дегени. Алар өтүп кетээри менен жанталашып аракет кылып жатышты. Жигиттер тизеге чейин суу баткак болушуп, таптакыр чарчап, акыр аягы трассага айдап чыгышты. Нурик «Мындан 20 км алыс тоок ферма бар. Жүрү, ошол жакка алып барып жашырып келебиз. Дачанын территориясы болгондуктан элдер эс алып жүргөн адамдар