Название | Токол |
---|---|
Автор произведения | Айгүл ШАРШЕН |
Жанр | Короткие любовные романы |
Серия | |
Издательство | Короткие любовные романы |
Год выпуска | 2005 |
isbn |
– Ушундай болуп калдым.
– Мен дагы сени бир кезде кандай экениңе карабай үйлөнгөн элем, ата-энем каршы болгон жок, сенин мындай болооруңду кайдан билдим Туку, жалгызыбызды жабыркатып албайбызбы деги? – Сагынбек аялына ойлуу карады.
– Сен менин тегимди эми эсиңе келтирдиңби, ата-энем андай эле жаман эмес болчу, бирок ичкиликти оозуна алган эмес.
– Ооба, болгону жоро бозо кайнатамсыз өтчү эмес, керек болсо биз үйлөнгөндө дагы шеринени башкарып ичкиликтин тазасын ичип жүргөн эле…
– Ооба, алар өз мезгилинде болгон.
– Азыркынын дагы өз мезгили бар Туку.
– Ошондо дагы абайлашы керек, ал биздин жалгыз балабыз.
– Турат деле ойлонот да.
– Ойлонсо ал кызды эбак таштамак.
– Акыры баары ордуна келет.
– Билбейм, жүрөгүм бир нерсени сезип турат, балабыз тилибизди алат деп ойлобойм, – деп Турдукан аялдын адаты катары ыйлап басылды, – Тураттын тагдыры мени ойго салчу болду.
– Болбосо айтканын кылгандан башка чарабыз жок.
– Жок, андай болбойт, мен өлсөм дагы ага жол бербейм.
– Анда күтөбүз, акырындык менен унутуусун талап кылуу керек, – алар ошентип сүйлөшүп отурганда Турат кирди.
– Кайда жүрөсүң балам? – деди Турдукан ага ачуулу карап.
– Менин кайда жүргөнүм силерди кызыктырабы? – Турат ызалуу ата-энесин карады.
– Уулум, ошентпи апасына айтат бекен?
– Ошого өзүңөр жекирдиңер.
– Эмне кылайын деген оюң бар деги?
– Мен бир гана нерсени суранам, Жамийлага үйлөнүшүмө каршы болбогула, – деди Турат экөөнү алмак-салмак карап.
– Болбойт, андан көрө аны унут! – деди Турдукан мисирээ.
– Кое турчу, – деп Сагынбек аялын тыйды, – Баланын сөзүн угалыбы?
– Ата, мени сөзүнөн кайтат деп ойлобогула, мен сүйүүнү баалайм, кадырлайм ата, өз каалаганыма үйлөнөм же менден кутуласыңар.
– Токтой турчу, – деди Сагынбек ага көңүл бура карап, – Ал кызды ошончолук эле сүйөсүңбү?
– Ооба, ансыз мен бул дүйнөдө жашай албайм.
– Мм, – Сагынбек оор улутуна отуруп калды, араны саамга тынчтык өкүм сүрдү, ата-бала, эне өз-өздөрүнчө ойго батып тынчтыкты бузгусу келбе, сөз башталса дагы эмне деген сөздөр чыгат дегендей мелтирешет, – Демек сөзүмдөн кайтпайм дечи, – деп Сагынбек Туратты карады көптөн кийин.
– Ооба, мен айтканымдан кайтпайм, – деди Турат, анын оюнда ата-энеси акыры макул болот деген үмүт чоң эле, бирок ал жаңылышты, анын бул сүйүүсү акыры келип өлүмгө алып келээрин сезбеди, болгону ал ата-энесинен мээрим күттү, ал ойлогондой Турдукан көгөрө каршы болуп туруп алды. Аңгыча оңду-солду камчыланган мезгил өз кезеги менен өтүп убакыт күзгө таяды, Жамийланын боюна болуп калганда Турат экөө айласын таппай сүйлөшүп отурушту.
– Турат, мен эмне кылам эми, элге журтка уят болгонго өлгөнүм жакшы го, ата-энем менен эл биле электе мени алып кет.
– Атамдарга айтамын, көрөсүң го алар аябай кубанышат, күз келди эми экөөбүз