Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
М. Фрунзенин өлгөнүнүн себеби- үч ирет өлүмдөн аман калып, кан майдандарда кызыл кыргындардын көбүн көргөн менен негедир ал операциядан катуу чоочулаган. Корккон десе да болот. Турмушта андай учурлар кездешет. Россиянын айрым басылмалары убагында белгилүү киноартист Е. Евстигнеев Англиядагы операцияда корккондон эле өлүп калды дегендей божомолдорун жазышты. Биздин оюбузча, ковидден кайтыш болгондордун сезилерлик бөлүгү өтө катуу корккондон эле жарыкчылык менен кош айтышты. Андай психоз болбогон Белоруссияда биздегидей массалык өлгөндөр деле болгон жок. Д. Мережковский да Л. Толстойдун өлүмүнүн себеби жөнүндө ушундай ойду айткан. Көркөм чыгармаларында, макалаларында адамдарды кайраттуулукка чакырган улуу сүрөткер жана улуу ойчул өзү өлүмдөн чындап коркуп, анын жакындап калганын сезгенде баарын таштап, арабасын чектирип, алды артын карабай жөнөгөн экен.
Б. Пильняк да чоң сүрөткер катары М. Фрунзенин өлүмүнүн чыныгы себебин интиутивдүү түрдө сезген менен аны саясатка айландырып жиберген. Мүмкүн, операциядан аман чыкпастыгы жөнүндө ага аян келгендир же нервинин жукаргандыгынан улам ошондой болгондур. Наркоз беришсе да жарым саатка чейин уктата албай коюп, ага хлороформду кошушканда организми аны көтөрө албай калган. Эскерүүлөрдө, М. Фрунзе сөөгү өзүнүн жаштык кезинин бир учуру өткөн Иваново облусундагы Шуя шаарына коюлушун каалаганы айтылат. Бирок, тарых башкача чечти. Анын колбашчылыгы жана мамлекетке сиңирген эмгеги эң жогору бааланып Кремлдин дубалынын түбүндөгү эң ардактуу жерге коюлду. Советтик мезгилдеги 74 жылдын ичинде ал жерге 12 адамдын гана сөөгү коюлган. Жергебизде туулуп өсүп, Бишкегибизде жүрүп, жаңы заманды курганга эбегейсиз чоң салым кошкон адамдын ал жерден түбөлүк жай табышы биз үчүн чоң сыймык болуп саналат.
АДАБИЯТТАР
1. Архангельский В. В. Фрунзе, М. «Молодая гвардия», 512 с.
2. История Киргизской ССР. С древнейших времен до наших дней. В пяти томах. Том третий. Редколлегия: Каракеев К. К. (главный редактор), Зима А. Г., Будянский Д. М. и др. Ф. «Кыргызстан», 1986. 652 с.
3. Образование СССР. Сборник документов (1917—1924), под. ред. Э. Б. Генкиной, М-Л. Изд. Академия наук СССР. 1949., 472 с.
4. Пильняк Б., Повесть непогашенной луны, М. «Книжная