Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек. Папан Эргешович Дүйшөнбаев

Читать онлайн.
Название Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Автор произведения Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Жанр
Серия
Издательство
Год выпуска 0
isbn 9785006581746



Скачать книгу

сырткары компромисстерге баргысы келбеген, оюндагыларды ачык айткан бетке чабарлыгы да себеп болгону шексиз. Анткени, большевиктер ийкемдүүлөрдүн тектерин деле сүрүштүрүшкөн эмес. В. Ленин өзү дворянин, И. Сталин диний семинарийдин бүтүрүүчүсү, ошол убактагы Түркстандагы элдердин жетекчилеринин дээрлик баардыгы бай-манаптардын, эзүүчү тап деп эсептелгендердин тукумдарынан болушса (ал убакта кедей-кембагалдардын балдарынан сабаттуулар дээрлик болгон эмес), анын тегин сүрүштүргөндүн кимге зарылчылыгы бар? Дүйнөлүк биринчи согушта падышалык Россиянын баатыры болгон командирлер (кресттер менен сыйланган) кийин Кызыл Армиянын да баатырлары болушпадыбы! Адатта большевиктер көз караштардын келишпестигинен, ашкере тынчы жоктугунан улам бирөөлөрдү каралап, номенклатурадан биротоло чыгаргылары келишсе, анын өткөндөрүн, тегин, мурдагы иштерин текшертип, алардын жаман жактарын бокочо аргумент кылып алып чыгышкан. Ал 1938-жылдын аягына чейин ачык жүргүзүлсө, көшөгөлөнгөн түрдө компартия ликтен кеткиче колдонулуп келгени эч кимге жашыруун эмес.

      Жетиштүү саясий маданият, даярдык жана тажрыйба жоктугунан улам ал убактагы улуттук лидерлерибиздин дээрлик баардыгы эркиндикке, теңдикке, анархия менен чектешкен демократияга, анын ошол бойдон тура берерине терең ишенишип, кыргыз мамлекеттиги үчүн ага жан дилдери менен кызмат кылгылары келген романтик-максималисттер болушкан. Алардын башкы идеологу жана демилгечиси, эң өжөрү-Абдыкерим Сыдыков. Ал саясый жолун дароо туура таба албай көп ирет жаңылган-жазган, адашкан, тилекке каршы, декабристтер менен «Народная волядагылардай», чыдамсыз романтиктердин көпчүлүгүнүн жолу, тагдыры ошондой болот. «Тут ни прибавить, не убавить, так это было на земле» дегендей, аларды ашыкча идеалдаштырбай, ошол эле мезгилде эмгектерине, аткаргандарына кенедей да шек келтирбей карап талдоо, ар кандай шарттардагы иш-аракеттерин адекваттуу түшүнүүгө гана жардам берет. Бирок А. Сыдыков кандай шарттарда болбосун бир нерсени гана туу туткан, ага өмүрүн да арнаган, ал- кыргыз мамлекеттигин кайра жаралтуу болгон. Мына ушул эмгеги менен ал мамлекетибиздин тарыхында маяктай болуп түбөлүккө кала берет.

      АДАБИЯТТАР

      1. У истоков кыргызской национальной государственности (Ред: Т. К. Койчуев, В. М. Плоских, Т. У. Усубалиев), Б. «Илим», 1996., 384 с.

      2. Ленин и Сталин. О Средней Азии и Узбекстана. Т. Партиздат ЦК КП (б) Уз. 1940. 282 с.

      3. Ключевский В. О., Сочинения в девяти томах. Т. IV. М. «Мысль», 1989. 398 с.

      4. Курманов З., Плоских В. М., Бегалиев С. и др. Абдыкерим Сыдыков-национальный лидер. Б. «Кыргызстан», 1992., 184 с.

      5. Курманов З. К., Первый. Посвящается 130-летию выдающегося кыргызского государственного деятеля Иманалы Айдарбекова. СПб., ИПЦ СЗИУ РАНХиГС, 2014., 208 с.

      6. Курманов З. К., Политическая борьба в Кыргызстане: 20-ые годы, Б. Илим, 1997. 292 с.

      Улуттун рухун жандырган «Эркин Тоо»

      Эркин