Название | Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек |
---|---|
Автор произведения | Папан Эргешович Дүйшөнбаев |
Жанр | |
Серия | |
Издательство | |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785006581746 |
Күтүлбөгөн улуу шанс
Ретрореспективалык саресеп
Мында темага киришүүдөн мурда элибиздин көөнө тарыхына бир аз чегинүү жасап, Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүлүүсүнүн алдындагы аймактагы геосаясый, социалдык жана демографиялык жагдайларга саресеп сала кетүү керек деп ойлойбуз. Андан кабардар болмоюнча 1921-1925-жылдардагы саясый абалды, моралдык, психологиялык кырдаалды түшүнүү кыйын.
Кыргыздар өзүнүн 30 кылымга жакын көөнө тарыхында бир нече ирет өз алдынча мамлекет түзүп, толук көз карандысыздыкка ээ болушса, көбүнчө башка мамлекеттик түзүмдөрдүн курамында болуп келишкен. Акыркы убактарда Кытайдын архивдеринен кыргыздар жөнүндө Сыма Сяндын жазмаларынан 7—8 кылым мурдагы материалдар табылганы жөнүндө маалымдалууда, бирок алар жарыяланып, элдин энчисине айланып, коомдук аң сезимибизге кире элек. Мында колдогуларга гана таянып айтсак, кыргыздар байыркы мезгилдерден Улуу Октябрь революциясына чейин төрт жолу мамлекеттигин, анын ичинде 840-924-жылдарда Улуу кыргыз державасын түзүшкөн. Көкүм бий менен Эшим хан (ХV11 кылымдын башында), Сибирдеги кыргыздардан Көчүбей бек (ХV11 кылымдын 30-жылдарынын аягы), Эренек Ишей уулу (ХV11 кылымдын 60-80-жылдары), Ала-Тоолук кыргыздардан Акбото бий, Кубат бий, Ажы бий, Атаке баатыр, Тайлак баатыр, Ормон хан, Алымбек датка, Курманжан датка (1:46—64 бб.) ж. б. дагы бир катар бийлер, баатырлар, даткалар башкарган аймактарда да мамлекеттиктин айрым белгилери болгон менен аларды классикалык формадагы мамлекет катары эсептегенге болбойт. Калган мезгилдерде кыргыздар Даван, Усун, Жужань, Караханид, Монгол, Чагатай, Хайду, Моголистан, Кокон ж. б. мамлекеттеринин курамында болушкан.
Гунндар, усундар түрк тилдүүлөрдөн болгону тарыхта такталган. Чынгыз хандын жоокерлеринин басымдуу көпчүлүгүн түрк тилдүүлөр түзгөн, демек, алардын арасында кыргыздар да болгон. Караханид, Чагатай, Хайду, Моголистан мамлекеттеринин калктарынын сезилерлик бөлүгүн кыргыздар түзгөн. Захреддин Бабурдун жекече турмушунда, аскердик иштеринде кыргыздар чоң роль ойногонун ал өзүнүн негизги китебинде бир нече жолу белгилеген (2:86, 91, 131 ж. б.). Ал Ош, Аксыкенти шаарларын, алардын айланасындагы жаратылыш байлыктарын, өзүнө чоң жардам берген Ибраим Саруу, Акмат Кушчу, азыркы Кербендеги Кадырберди, Камбаралы, Сейит Жусуп улакчы деген кыргыздарды, комузду жылуу маанайда эскерген.
Бирок, саясый, укуктук жана территориялык, мурастык түз байланыш болбогондуктан алардын баары биз үчүн практикалык маанисин жоготуп, абстракцияланган түшүнүккө айланып, үзүлмө-кесилме тарыхтын энчисинде калды. Биздин азыркы мамлекеттигибиздин башаты, идеялары биздин заманга чейинки мезгилдерде башталган менен анын жаңыча тарыхый шарттарда жаңы формага ээ болуп, жаңы мазмунда өнүгө баштоосуна Улуу Октябрь социалисттик революциясы жол ачты. Советтик мезгилде Улуу Октябрь революциясы, анын жол башчысы Ленин аткан таңга, күнгө, нурга ж. б. теңелип айтылып, ырдалып, жазылып, тартылып, сыпатталып келди. Бул жагынан бири-биринен озуп, баркталып даңкталуу үчүн акындар, жазуучулар, жалпы эле жазмакерлер, тартмакерлер, айтмакерлер, саясатчылар, илимпоздор ж. б. кандай гана жарышпады! Биз үчүн азыр алар тарыхка айланган менен андай сыпаттап сүрөттөөлөр кеңири алкактан жана тарыхый ретрореспективадан, ошол мезгилдин тутумунан алганда көп жагынан чындыкка жакын болгонун моюнга алуу керек.
Биринчиден, кыргыздар 1916-жылдагы геноцидден кийин 25—30 пайызга азайса, экинчи жагынан алганда, ал убакта падышалык Россиянын ассимиляциялык саясатынан улам этнос катары жок болуп кетүү стадиясына жакындап бараткан. Кыргыздар аймактык-административдик, маданий, тилдик жактан бирикпей, бири-бирине баш ийбеген, башка этностордун өкүлдөрү сандык, маданий жактан үстөмдүк кылган облустарда кала берсе, сөзсүз кыпчак, төөлөс, коңурат, найман сыяктуу ж. б. элдерге окшоп, ассимиляцияланып жок болмок.
Тарыхый булактардан кыргыздардын Х1Х кылымдын аягынан тартып (ага чейин статмаалыматтар болгон эмес) азая баштаганы байкалат. Алсак, ХХ кылымдын башталышындагы айрым булактарда кыргыздардын саны 1, 4 миллионго жакын деп айтылса, 1913-жылы 900 миңдей деп көрсөтүлөт. Ал эми Октябрь революциясынын алгачкы жылдарында Түркстан АССРинде 809524 кара кыргыз жашаганы, ал аймактын жалпы калкынын 13, 5 пайызын түзгөнү келтирилет. Бирок, жогоруда айтылгандай, алардын мамлекеттиги түгүл бирдиктүү вертикалдык саясый административдик жана маданий түзүмү болгон эмес. Кыргыздар компактуу жашаган Кожент уездине кирген айыл-кыштактар- Самарканд облусуна, Ташкент уездиндегилер – Сыр-Дарыя облусуна, Ош, Анжиан, Кокон, Наманган, Фергана уезддериндеги жана Памир районундагы кыргыздар- Фергана облусуна, Пишпек, Каракол, Нарын уездиндегилер – Жети-Суу облусуна караган (3:119). Ар кандай аймактарда жашаган кыргыздардын ортосунда туруктуу горизонталдык да байланыш болбогондуктан тилдеринде, маданиятында, каада-салттарында жана ырым жырымдарында ажырымдар тереңдеп, башка этностордон киргендер, оошкондор, ошол эле мезгилде кошуна өзбектерге, тажиктерге, казактарга сиңишкендер барган сайын көбөйүп, кыргыз этносундагылар бири-биринен алыстап, азайып баратышкан. Ал тилдик жактан кыргыз этносуна сезилерлик терс таасирин тийгизбеген менен (диалектилер баардык этностордун тилдеринде бар) менталитеттик, каада салттык жактан жиктенүүлөрдү