Название | Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси |
---|---|
Автор произведения | Ильгиз Талип |
Жанр | Современная зарубежная литература |
Серия | |
Издательство | Современная зарубежная литература |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785005374073 |
Ушул фактылардан көрүнгөндөй фашисттик куралдуу күчтөр бардык жагынан дээрлик биздикинен эки эсеге артыкчылык кылган. Текеберлиги жана ажаандыгы ашынган Гитлер шаар, кыштактарыбызды ойрон кылып, анда жашаган жазыксыз жарандарыбызды үй-жайы менен күлгө айлантмакчы болгон. Бирок, ал кандуу кармашта тагдырды чечүүчү башкы факторго —советтик элдин биримдигине, болоттон бек достугуна маани берген эмес экен. Капыстан кол салуу менен чак-чалекей түшүрүп, Уралга чейин кара кыяндай каптап өтмөкчү болгон анын арам ою ишке ашпастыгын Брест чебин коргоочулардын айыгышкан каршылыгы эле айгинелеген. Бул чептин эр жүрөк жоокерлери күчтүн тең эместигине, курал-жарактын жетишсиздигине карабай кара таандай каптаган душманга багынып берген эмес. Фашисттер бир айдан ашык убакыт бою алалбаган чептин коргоочулары чыныгы баатырлыктын үлгүсүн көрсөтүшкөн жана эң акыры минутага чейин салгылашып, курман болушкан.
Дал ушундай алаамат башталып, кызыл кан кыяндай агып, адам жайрап, калаалар кыйрап жатканда кимдин каны кайнабай коймок?! Кулназар сыяктуу адистик алып калган, атайын даярдыгы бар катардагы жоокерлер эмес, орто мектепти жаңыдан эле бүткөн улан-кыздарыбыз Ата мекенди коргоп, азезилдей жутунуп келаткан көркоо душманга каршы аттанганы аскер комисариаттарына агылып келип жатышпадыбы! Арийне, алардын көбүнүн жашы 18ге толуп да толо элек болчу. Ал эми баралына келип, бакандай күч берчү азаматтар биринчи кезекте аскерге чакырылышты. Мында учкун алды болуп, Кулназардын агалары Маматалы менен Мураталы канкорлор менен кандуу кармашка аттанат. Жетиден калган үч чүрпөсүнүн аягына туруп, адам катарына кошулганына каниет кылып, Жаратканга ичинен ыраазычылыгын миң кайталап жүргөн Гүлкан апанын башына кандай кайгыны үйгөндүгүн айтуу кажетсиз. Алардын бири алыскы Чыгышта, каралдысынын экөөсү эми Батыштагы кандуу казатка аттанып жатат. Эрезеге жетип, эл көзүнө көрүнүп, эми убайын берер уулдарынан айрылган эне тамында мүңкүрөп жалгыз калбадыбы. Аларга Эгем кандай тагдырды жазгандыгы ба белгисиз. Казактын белгилүү акыны Кадыр Мырзалиев дал ушундай армандуу, аянычтуу аялзатынын абалын мындайча чагылдырган:
Кум астында, суу астында бир каалаң,
Тарых биздин көп табышмак, шыргалаң.
Шүгүр дедиң жоодон кийин койңуңда,
Аман калса, он балаңдан бир балаң!…
Ошо он баладан бири жок, атүгүл эртели-кеч эркелетип, эңсесин кандырыр неберелерин көрө электе согуш деген атың өчкүр түлөктөрүн өз айлампасына