Название | Бабалардын жанырыгы |
---|---|
Автор произведения | Кадыр Абакиров |
Жанр | Сказки |
Серия | |
Издательство | Сказки |
Год выпуска | 2018 |
isbn |
Жучу Баргулдун кунун кууп, эми калган урууларга кол сала баштады. Каардаган Жучу Темүчүндүн буйругу боюнча кыргыздарга кол салып майкандап кирди. Алар токойлорго, ар кайсы жактарга качып жоголду. Жучу башка урууларга дагы кол салганы кетти. Ошондо Ырыскан аман калган кыргыз элин байыркы убакта жашаган «Теңир Тоого качкыла» деген осуятын айтып жатты.
Каардуу жоодон жок болуудан коркуп, кыргыздар душманга көрүнбөй кара жанын сактап калыш үчүн Теңир-Тоого карай тербип жөнөй башташты. Алар түн жүрүп, күн жүрүп отуруп айрымдары ыйык тоого сапар тартып келишти. Бул кезде Чынгыз хандын жоокерлери бул жакка келе элек эле. Кыргыздар бул тарапты конуштап, өздөрүнүн тектеш урууларына жолугуп бир топ чыңалып алды. Бирок Чынгыз хандын баскынчы жоокерлери ушул аймакка да келеери шексиз эле. Алар жолдогу душмандарын талкалап отуруп, Теңир Тоого келаткан болчу. Ошол кезде кыргыздардын эң коркунучтуу душмандары калмактар болгон. Алар монголдордон качып Теңир Тоону ээлеп алууга аракет кылып жаткан.
Долон бий аскер өнөрүн билген мыкты уюштургуч сапаты бар эле. Душмандарга каршы ар кандай даядыкты көрүп жатты. Кыргыздар ошентип эки оттун ортосунда калды. Калмактардын жана келе жаткан монголдордун чабуулуна тушуга турган болду. Монголдор өтө ырайымсыз кан ичеер болгон алар кыргыздарды кылыч, найза курал жарак жасаттырып алар менен душмандарына каршы согушуп турган. Ошондой эле кыргыздардан жоокер курап аларды эң алдыңкы сапка тизип жоого каршы жиберген. Катуу согушта байкуш кыргыздар көп кырылып такыр бири калбай жок болгон учур да кездешкен. Ошол үчүн монголдордон такыр күдөр үзүп, аларга кыргыздардын дити агарбай калган.
ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН ТҮПКҮ ТЕГИ КЫРГЫЗБЫ
Жапыз тоонун түшө калышынан бери шиберлүү аймак созулуп, чөбү чыктуу келип малга тоюттуу ушул жерди Эрке Харанын боз үйү андан башка тайшит урусунун адамдары жанаша конгон. Булардын ичинен байы эле ушул Эрке Хара. Анын көптөгөн төрт түлүк кой, эчки, уй, өгүз, жылкы жада калса, бийик тоолордо сан жеткис топоздору жайнап жайылат. Бул жердегилер Эрке Харага баш ийет. Анын бир канча кул-кутандары бар. Аймакта көптөгөн адамдар жашап, алардын арасында Борчунун үй-бүлөсү да бар. Ал сөөк-саактуу боюу узун далдагай адам. Анын ата-бабасы