Название | Бабалардын жанырыгы |
---|---|
Автор произведения | Кадыр Абакиров |
Жанр | Сказки |
Серия | |
Издательство | Сказки |
Год выпуска | 2018 |
isbn |
Жучу:
– Ыраазыбыз силерге шибелер, курал жарагыңар менен бизге кошулгула, силерди биз коргойбуз, биз турганда силерге эч ким кол сала албайт.
Ханга кошомат кылып анын жанындагы кишилер айтып жатты:
– Ыраазыбыз шибелер.
– Алар биздин жоокерлер.
– Биз аларды коргойбуз.
Жучу жанындагы адамдарга буйрук берип, өзү жанагы келген чатырынына карай жөнөп кетти.
Эки жигит кыргыздарды чоң боз үйлөргө ээрчитип келип аларды алты-жетиден бөлүп, ар бир үйгө эшик ачып киргизип жатышты. Алардын минип келген аттарды монгол жигиттери бир тарапка жетелеп кетти. Кыргыздар жакшы жасалган чоң боз үйлөрдө отурушту. Олобектин жанында Нуркебай деген көзү ачык бар эле. Олобек ага кайрылды:
– Көзү ачыгым, булардын тагдырын далыга, жылдыздарга карап байкап көрчү келечеги эмне болоор экен.
– Байкап көрөйүн бегим мен дагы ошону ойлонуп жаттым эле.
Алар боз үйдөн тамак ичип эс алып жатып калышты. Тамагы бир укмуш экен көпчүлүгү жылкынын эттери. Дасторкондо ар түркүн жер-жемиштер жайнайт. Набат, жүзүм деги койчу кыргыздар билбеген тамак аштар. Андан башка дагы айнек ийдиштерде ар түркүн суусундуктар бар эле. Аларды ичип көрүштү эле ачуу арак экенин билишти. Ошентип элчи кыргыздар монголдордун укмуш сыйын көрүп жатышты. Минип келген жылкылары бир ишеничтүү жерде экен. Өздөрү монголдордун иштери жөнүндө сүйлөшүп киришти. Монгол ханынын баласы баатыр чалыш Жучуну көзүн эми анык көрүштү. Олебектер