Сезимдер карыбайт. Айгүл ШАРШЕН

Читать онлайн.
Название Сезимдер карыбайт
Автор произведения Айгүл ШАРШЕН
Жанр Зарубежные стихи
Серия
Издательство Зарубежные стихи
Год выпуска 2004
isbn



Скачать книгу

байлашат.

      Айгүл ШАРШЕН

      СЕЗИМДЕР КАРЫБАЙТ

      Кумарбү эшикте басып жүрдү. Алтымышка чыгайын деп калса дагы али жаш көрүнөт. Куу турмуштун азабын тартып, саамай чачтары агарып калганы болбосо жүзүндө анда-санда түшкөн бырышы анча байкалбайт. Бала-чакасы чоңоюп, өз-өзүнчө турат, кенже уулу өзүнө күйүмдүү, келини Аселкан кайненесине өз кызындай. Кадимки кыргыздын карапайым кызы, эки небереси чоң апалап жанынан чыкпайт.

      – Аттиң, – деп алды Кумарбү, – өмүр чиркин күүгүмдөп баратат ээ, жашоом өтө жакшырып кетпесе да эл катары жашадым, бир гана өкүнүчүм…

      – Апа, үйгө кирип, тамак ичиңиз, – деген Аселкандын үнү аны селт эттирди.

      – Кирем, балам, иче бергиле, – деди Кумарбү. Ойлору албууттанган дайра сымал алда кайда кетип, негедир бүгүн бала кездеги сүйгөнү көз алдына тартыла улам-улам эсине түшүп туруп алды. «Балдар күтүп калышты го, менсиз тамак ичишпейт», – деп жанатан бери чырмаган ой-санаасынан суурулуп чыга үйгө кирди.

      – Чоң апам келди.

      – Чоң апа, кайда бардың? – дешип эки небереси сырттан кирип орун алган Кумарбүнүн этегине жармашышты.

      – Эч жакка барганым жок, кагылайындар, эшикте эле жүрдүм.

      – Апа, сен бүгүн ойлонуп калыптырсың да, башка балдарыңа баргың келип жатабы? – деди уулу Уланбек.

      – Барып келсем жакшы болот эле, бул жамандарды ким карайт?

      – Бир жумадай кыдырып келиңиз, апа, мен үйдө болом, Улан иштей турсун, үйдөгү көп иштерди жасап алайын, – деди Аселкан жаркылдай.

      – Анда мейли, эртең барып келейин, – деп Кумарбү алдындагы ашка колун сунду.

      Турмуштун соккусу Кумарбүнү жакшы эле аркы-терки калчап, ысык-суугуна кактады. Турмушта көп азапка туруштук берип, жеңилбей жеңе билсе жашоо эртеби-кечпи өз жемишин берээри бышык эмеспи. Анын сыңары Кумарбү ийилбеди, ноюбады өзүнүн көтөрүмдүүлүгү менен балдарын бойго жеткирип, өтө кыйын болбосо дагы өз-өзүнчө түтүн булатып койду. Үч уул, бир кызы бар.

      Эми өз ордуна жатып алып, өткөн балалыгы жөнүндө ойлоду…

      Кумарбү көп балалуу үй-бөлөдө чоңойгону менен баары ынтымактуу турушчу, эң улуусу эле Кумарбү, андан кийинкилери жаш. Атасы Сарыбай, апасы Уларкан, алар учурунда жай гана турмуш өткөргөн адамдар эле. Уларкандын ата-энеси жок, жалгыз сиңдиси Чынаркан оорудан каза болгондон кийин анын эркек баласын өз балдарына кошуп багып алган, атасы бага албайм деп, кээ-кээде келип-кетип турчу. Өмүрбек кичинесинен эле тентегирээк болуп өсүп келе жатты, Кумарбүдөн бир жаш кичүү. Бир күнү экөө эшикте жүрүп, уруша кетишти.

      – Сен эмнеге менин дептеримди уурдап аласың, сурабайт белең? – деп жини келген Кумарбү аны жонго бир муштады.

      – Сурабаса эмне болмок эле?

      – Сурашың керек болчу, эгер дагы ушинтсең көрөсүң бирди, – деп дагы бир муштады.

      – Эмне чабасың? – Өмүрбек Кумарбүнү түртүп ийди.

      – Сени тарбиялаш керек, болбосо жанда жок тентек болуп кеттиң!

      – Сен тарбиялайт белең мени, оозуңду жаап калчы!

      – Ата-энең болбосо биз тарбиялайбыз да, апамды болсо укпай баратасың, анан кимди угасың ыя? – деп Кумарбү аны карысынан чымчып алды. – Көзүңдү ачып жүр!

      – Эй, эмне чымчыйчың, таежеме айтам, – деп Өмүрбек бир койду. Алардын чукулдашып кирип келе жатканын уккан Уларкан сыртка чыга калды:

      – Эмне болуп кетти?

      – Мени ата-энеси жок жетимсиң деп жатат, – деп Өмүрбек бырылдап ыйлай мурдун жанып алды.

      – Жинди болдуңбу? – Уларкан кызын жекире карап, жемелеп кирди. – Экинчи антпей жүргүн.

      – Өзү эмнеге менин дептеримди уурдап алат, желмогуз, бейбаш!

      – Бас үнүңдү, экинчи ушуну жетим деп көр, тилиңди жулуп алам, жетим эмес, атасы келип жүрбөйбү?

      – Ошол багып коюптурбу, биз багып жаткандан кийин ээнбаштык кылбай жүрбөйбү, атам экөөңөрдү болсо угуп да койбойт.

      – Сен эмне болуп калгансың, акылыңдан аздыңбы ыя, Өмүрбекти Узактан кем көрбөгүн, – деген Уларкан кызын бир муштап, Өмүрбекти үйгө жетелеп кирип кетти. Кумарбү тултуңдап алардын артынан кирди.

      – Өз балаңардан дагы ашык көрүп бакканыңарды баалайт бекен көрөм, эмитен тил албайт, мектепте ээнбаштык кылат, мугалимдеринен бир күнү угаарсыңар.

      – Сен эмне болуп калгансың, Өмүрбекти жоготоюнбу эми?

      – Өзүңөр билгилечи! – деп коюп Кумарбү ичкери кирип кетти.

      – Садага болоюн десе, бейбаштык кылбай жүрбөйсүңбү, апаңдын арбагы үчүн сен адам болушуң керек, жакшы адам болгун, – деп Уларкан жашын аарчып, өз ишине киришти. Кумарбү төртүнчү класс, Өмүрбек үчүнчүдө окуйт. Эртең менен Кумарбү сабакка кеткенде Өмүрбек анын карандаштарын алып, дептерлерин барагынан айрып, самолет жасап кескилеп ойной берчү, эми андайын коюп калды. Ошентип балалыктын тааттуу да, ачуу да күндөрү акырындык менен өтүп эсейе башташты. Өмүрбек сегизинчи, Кумарбү тогузга окуп калганда Уларкан катуу ооруп калды. Ал ооруканага жаткандан бери Кумарбү инилерин өзү карап, атасынын таап келгенин үнөмдөп,