Название | Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести |
---|---|
Автор произведения | Кубан Чороев |
Жанр | Юриспруденция, право |
Серия | |
Издательство | Юриспруденция, право |
Год выпуска | 0 |
isbn | 9785448321269 |
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы монетардык терминдер менен мүнөздөгөндө эки терс жагдайга кабылып турат: бир жагынан экономикабызда долларлашуу процесси жүрүп жатса, экинчи жагынан сомдун массасы кескин түрдѳ төмөндѳп кетти. Аталган жагдайлар экономикабыздын жакынкы келечектеги өсүшүнѳ кооптуу абал жаратты. Мындай абалды биз экономикалык депрессиянын башталышы деп айтсак жаңылбайбыз. Коомдо экономикалык бүдөмүк абалга байланыштуу экономикалык активдүүлүк өтө төмөн деңгээлге түшүп кетти. Эми бул абалдын келишинин себептерин жалпак тилге салып, чечмелегенге аракет кылып көрөйүн.
Куну кеткен сом, көкөлөгөн доллар
Акыркы он жылда өлкөдөгү улуттук валютабыз – сомдун массасы жылдан жылга өсүп келаткан эле. Ал эми өткөн 2014-жылдын он бир айында сомдун массасы 22.7 млрд. сомго азайып кетти. Мындайча айтканда, экономикабызда болгон сомдун массасынын үчтөн бир бөлүгү кыскарып жатат. Бирок сомдун массасынын кыскарганына карабай, инфляция 2014-жылдын акыркы он бир айында 10,2% түздү, салыштырмалуу мурдагы 2013-жылы инфляция 4.4% түзгөн эле. Эмне үчүн мындай кызык абал түзүлүүдө? Ар бир экономист билгендей, инфляция бул акчанын көлөмү көбөйгөндө боло турган экономикалык кѳрүнүш. Ал эми ѳткѳн жылы акчанын – сомдун көлөмү 30% чейин азайып жатса, бул инфляция кайдан келип чыкты деген суроо туулат.
Экинчи кызык жагдай, бардык коммерциялык банктар «сом менен биздин банкка депозит салыңыз, пайыздар көтөрүлдү» деген жарнактарды илип жатышат. Ал эми ошол эле убакта Улуттук банктын статистикасын карасак, банктарда сом менен салынган депозиттер акыркы жылда кескин кыскарып кетти. Үчүнчү кызыктуу жагдай, Улуттук банк 2014-жылы сомдун курсунун туруктуулугун кармаш үчүн валюталык резервинен 516 миллион АКШ долларын коротту. Мындай ири сумманы Улуттук банк буга чейинки турмушунда короткон эмес, бирок буга карабай доллар 2014-жылдын башында 49 сом болсо, жылдын аягында 60 сомду түзүп, 11 сомго же 18% кымбаттап кетти. Бул деген Кыргызстанга келген импорттук товарлар жана дары-дармектер 18% кымбаттады дегенди билдирет.
Өйдөдө айтылып кеткен жагдайлардын себептерин экономиканын долларизациясы же долларлашуусу менен түшүндүрсөк болот. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2014-жылдын ноябрь айына карата экономиканын долларлашуу деңгээли 58.2% түзгѳн. Бул биздин экономикабыздагы коммерциялык банктарда депозиттерде жаткан доллардын көлөмү жалпы акча массасынын 58.2% доллар түзөт дегенди билдирет. Ал эми банктардан тышкары жаткан накталай долларларды кошкондо, мындан да бир кыйла доллардын пайыздык көлөмү өйдө болору анык. Дүйнѳлүк стандарттарга таянсак, бул көрсөткүч 50% ашканда өлкөнүн улуттук акча системасы көзөмөлдөн чыкты жана ошол өлкөнүн Улуттук банкы өз жөндөмдүүлүгүн жоготуп, акча системасын көзөмөлдөй албай калды деп бааланат. Эгерде абал ушул нукта өнүгө бере турган болсо, анда улуттук валютанын жана Улуттук банктын мындан ары кереги жок болуп калышы ыктымал. Анткени, анын коомго болгон пайдасынан өзүнүн жеген куну көп болуп калышы мүмкүн.
Кайда барба доллар
Экономикабыздагы долларлашуунун түпкү себеби биздин Улуттук банк акча системасын натыйжалуу көзомолдөй албагандыгынан улам сомдун туруксуздашып кеткенинде жатат. Кыргызстанда жарандар жана ишканалар сомго ишенбегендиктен, бардык чогулткан аманаттарын долларга айландырып, доллар менен сактай баштаганы бардыгына белгилүү. Кыргызстанда бардык [битая ссылка] рыноктук келишимдер доллар менен жүрөт.Автоунаа сатып аласызбы, үй аласызбы, жер аласызбы, бардыгы доллар менен ченелет жана иш жүрөт. Демек, сом өзүнө жүктѳлгѳн акча функцияларын аткарбай калган. Ал эми 2014-жылга чейин өлкөнүн долларлашуу деңгээли 50% чейин эле. Бул ал кезде Улуттук банк акча саясатында таасирдүүрөөк болуп, абалды туруктуу кармоого жөндөмдүү болуп келгенин көрсөтөт. Бирок 2014-жылы сомдун курсу кыйла төмөндөй баштаганда элдин жана ишканалардын Улуттук банкка болгон акыркы ишеничи такыр жоголуп, экономикада толук долларлашуу багыты күч алды.
Эми эмне үчүн бүгүнкү күндө сомдун куну жоголуп, доллардын курсу өсүүдө? Түшүндүрүп берүүгө аракет кылайын.
Биринчиден, долларга болгон суроо-талаптын чукул өсүп кетүүсүнө кандай жагдайлар түрткү берерин жогоруда түшүндүрдүк.
Кыргызстанда үй сатуу-сатып алуу доллар менен гана жүргүзүлөт
Экинчиден, сомдун долларга карата арзандашы экономикада сомдун массасынын өсүшү менен тыгыз байланышта. Эми кандай учурларда сомдун массасы экономикабызда өсүп кетет? Биринчи, эгерде Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунан доллар сатып алса, сомдун массасы өсөт. 2014-жылы Улуттук банк биздин валюталык рыноктон доллар сатып алган жок, тескерисинче 516 млн. АКШ долларын сатты.
Экинчи жол, Кыргызстандын өкмөтүнүн Улуттук банктагы акча эсебине башка өлкөлөрдөн жана дүйнөлүк донордук-кредиттик уюмдардан акча келгенде. Ал акчалар доллар менен келет, ал эми өкмөт сом менен бюджет аркылуу сарпташ керек да. Мисалы, Орусия федерациясы 500 млн. доллар которду дейли кыргыз өкмөтүнүн эсебине. Аны Улуттук банк өзүнүн резервине салат дагы, бир доллар 60 сом деген курс менен жаңыдан басылган 30 млрд. сомду кыргыз өкмөтүнүн казынасына которуп берет. Өкмөт бул акчаны бюджет аркылуу