Ыр арнадым тамгаларды тегиздеп.Бөбөктөргө жаттап алып жүрсүн-деп.Же болбосо дос курдаш курбулар,Балалыкты эстеп жүрсүн-деп…
Бул китепчеде өзүмө тийиштүү кол жазмаларым калтырылды.Өтө келишкен акын болбосом да бир аз кара калем менен достошуп чиймеледим.
Ырдын кара сөздөн айырмасы бар экенин ар бирибиз билебиз. Ал эми 18-кылымдагы француз драматургу Мольердин Аксөөккө айланган карапайым деген комедиясындагы кейипкер Журден мырза билген эмес. Ал бул тууралуу биринчи ирет укканда: Кырк жылдан ашуун убакыттан бери кара сөз менен сүйлөп келе жатканымды билген эмес экенмин – деп чыны менен таң калган.
Ар бир адамдын бала чагы жомоктор менен байланышкан. Жомоктор элдик ооз эки чыгармалык менен бирге пайда болгон жана ата-бабаларыбыз жомок аркылуу балдарына таалим-тарбия бере алган.
Бул чөнтөк китепчеде өз калемиме таандык чыгармалар камтылды. Бала кезден бери жазылып дептерге сакталып келген ыр жыйнагым назарыңыздарда.