Кадыр Абакиров

Список книг автора Кадыр Абакиров



    Бабалардын Урпагы. 3 китеп

    Кадыр Абакиров

    Акын, жазуучу К. Абакировдун бул китеби тээ береги 1900 жылдары жазылып бүтүп, китеп катары жердештерине таратылып, бир канча жолу оңдолгон. Китеп Тоң районундагы Темир-Канат айлйнйн Беккулу атадан тараган тукумдары жөнүндө кызыктуу баян курат.Автордун тили жатык кызыктуу берилип окуган адамды өзүнө тартып турат. Автор байыркы ата-бабалары жөнүндө 4 китепти жазган. Бул китеп анын үчүнчүсү болуп саналат. Ал чабандын баласы болгон. Анын балалыгы, жаштыгы бүтүндөй тоо арасында өттү. Автор мына ошол кезин ырга салып берет.

    Бабалардын жанырыгы

    Кадыр Абакиров

    Акын, жазуучу К. Абакиров бул китеби аркылуу байыркы ата-бабаларынын санжырасын кызыктуу түрдө баяндап бере алган. Анда Ырыскандан тартып, Чынгыз хан доору, Тагай бий, Төрөкочкор, Беккулу, Бүтөбай, Щоңко,Уралы, Баястан аталардын баянын кеңири түрдө жазып бере алган. Китеп ары кызыктуу, окуялуу келип, балдардын тили менен назик жазылган. Чыгарманы окуп байыркы ата-бабанын санжырасын көп жерин иликтеп билип алса болот. Автордур жомоктору, ырлары, афоризм китеби миңдеген нуска менен жарык көргөн.

    Бабалардын баяны 2

    Кадыр Абакиров

    Акын, жазуучу К. Абакиров бул китеби аркылуу байыркы ата-бабаларынын санжырасын кызыктуу түрдө баяндап бере алган. Анда Ырыскандан тартып, Чынгыз хан доору, Тагай бий, Төрөкочкор, Беккулу, Бүтөбай, Щоңко,Уралы, Баястан аталардын баянын кеңири түрдө жазып бере алган. Китеп ары кызыктуу, окуялуу келип, балдардын тили менен назик жазылган. Чыгарманы окуп байыркы ата-бабанын санжырасын көп жерин иликтеп билип алса болот. Автордур жомоктору, ырлары, афоризм китеби миңдеген нуска менен жарык көргөн.

    Алтын сандыктагы ырлар

    Кадыр Абакиров

    Кадыр Абакиров көп жылдардан бери ыр жазып келе жатат Анын айрым ырлары басма бетине жарык көрүп, окуучуларга тартууланган. Анын жомоктору, учкул сөздөрү, ыр китептери миңдеген нускеада басылган. Биз анын айрым ырларын окуучуларган сунуштайбыз.

    Бир кайрыктар

    Кадыр Абакиров

    Бул азил ыр китеп көптөн бери жазылып келген. Анын айрымдары газетага жарык көргөн. Ырлардын көпчүлүгү мындан көп жыл мурун жазылган. Андан бери мезгил өтүп, союз кулады. Китепти автор бир сыйра карап чыгып, китеп кылып жарыялоого далалаты бар. Балким китеп окуучууларды ар кыл ойго салып калаар. Көзү өтүп кеткен жазуучуларды такыр унутуп салууга болбойт. Алар тирүү кезде окуучулар үчүн чыгармаларын жараткан. Ошол үчүн аларды дайыма эскерип, жараткан чыгармаларын окуй жүрүү тирүүлөр үчүн негизги парз. Алардын кээ бир чыгармалары окуучулардын терең катмарына эчак эле тарап кеткен. Айрымдары СССРдин баардык китепканаларына жетип, азыркы кезге чейин таберик катары сакталып турат. Азыркы жаштар китеп окубай, телефонду чукуп калышты. Албетте ал өз эрки, китеп окуу адамдын жан дүйнөсүн кеңейтип, рухий байлыгын арттырып, эне тилинин сүйлөө сөздөрүн кеңейтет. Китеп окубаган жаштардын сүйлөгөн сөздөрү кандай жарды келегей жана өтө кедей.

    Адамдын Асыл ойлору

    Кадыр Абакиров

    Ыйык китептер Тоорат, Забур, Инжил, Куран жана Мухаммед пайгамбардын осуяттары учкул сөз эмей эмне. Алиги касиеттүү ыйык китептеги Сулайман пайгамбардын «Накыл сөздөр», «Насаатчы китеби» азыркы күндө да, келечекте да эч убакта таасирин жоготпой турган, колдон түшпөс улуу китеп экенин баардык кы-лымдын ойчулдары жазып жана айтып келатпайбы. Бул өлбөс-өчпөс улуу китептин кээ бир касиеттүү сөздөрүн улуу жазуучулар өз китептерине баш сөз кылып алышкан. К.Абакировдун китебинде ошол чыгармалардын шапатасы уруп турат. Бирок автор алардын таасирине жетеленип калган эмес. Кой маарап, жылкылар кошкуруп, атчан келаткан малчылардын кобур-собур үндөрү чыгып, кадимки кыргыз турмушунун элесин бе-рип, байыркы бабалардын өчпөс үндөрү угулуп турат. Негизи «Акылдуу болуш үчүн он китепти окуп чыгуу жети-шерлик, ал эми он китепти табыш үчүн миң китеп окуш керек» – дегендей, алдыңыздарга сунула турган бул китеп окурмандардын бардык катмарына сунушталат.